Федченко мөңгүсү: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
мNo edit summary
1-сап:
'''Федченко мөңгүсү''' - Памирдин түндүк-батышында. [[Евразия|Евразиядагы]] чоңдугу боюнча 3 (Кара-Корумдагы Сиачен жана Балтөрөдөн кийинки) тоо өрөөн мөңгүлөрүнүн бири.
[[Тажикстан|Тажикстандын]] аймагындагы [[Илимдер Академиясы кырка тоосу|Илимдер Академиясы]], Язгулем, Бийик-Зоо, Арал жана Кыз-Коргон кырка тоолорунун ортосунда түштүктөн түндүктү карай созулуп жатат. Уз. 77 км, туурасы 1700 мден 3100 мге чейин. Жалпы аянты 650 км2. Калыңдыгы орто ченинде 700-1000 м, этегинде 400-300 м. Ал 45 мөңгүдөн (ирилери: Витковский, Илимдер Академиясы, Наливкин, Бивачный) турат.
 
[[Мөңгү|Мөңгүнүн]] жогорку чеги деңиз деңгээлинен 6280 м, тили 2900 м бийиктикте. Бетинин эңкейиштиги 1,5-2,5°. Салаалап бутактанган дендрит мөңгүлөрдүн тибине кирет. Жылышуу кыймылынын жылдык орточо ылдамдыгы 150-250 м. Ф. м-ндө дүйнөдөгү эң бийик (4169 м бийиктикте) жайгашкан гидрометеорологиялык станция (академик Н. П. Горбунов атындагы) иштейт. Мөңгү 1878-ж. В. Ф. Ошанин аркылуу ачылып, А. П. Федченконун ысмынан аталган.
 
==Колдонулган адабияттар==
* «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
 
[[Категория:Тажикстан‎]]
[[Категория:Мөңгүлөр]]