Прага: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
м + links
61-сап:
|сайтынын тили 2 = en
}}
'''Прага''' ({{lang-cs|Praha}} {{IPA|[ˈpraɦa]}}) – [[Чехия|Чех Республикасынын]] борбору. Полаба түздүгүндө, [[Влтава дарыясы|Влтава дарыясынын]] өйүз-бүйүзүндө, деңиз деңгээлинен 200–300 м бийиктикте, 5 дөңсөөдө жайгашкан. Өзүнчө административдик бирдикти түзөт. Ортонку Чех областынын административдик борбору. Климаты жумшак, мелүүн континеттик. Январдын орточо температурасы – 1,4°С, июлдуку 18,2°С. Жылдык жаан-чачыны 500 мм. Калкы 1,2 млн (2012 шаар айланасы менен 1,4 млн). Негизги маанилүү жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Өлкөнүн өнөр жай жана маданий борбору. Шаар 2002-жылы суу ташкынынан катуу жабыркаган. Машина куруу (станок жана кеме, транспорттук, электр-техникалык ), химия, текстиль, тигүү, полиграфия, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Праганын аймагына биздин заманга чейинки 4-кылымда эле эл отурукташа баштаган. Биздин заманга чейинки 5-кылымында бойлор, биздин заманга чейинки 6-кылымда славяндар келишкен. 10-кылымдан Чех мамлекетинин, 1918–92-жылдары Чехословакия Республикасынын, 1993-жылдан Чех Республикасынын борбору. 973-жылы епископтук (1344-жылдан архиепископтук) негизделген. Шаардын тарыхый чордону – Прага Град готика стилиндеги Ыйык Вита кафедралуу собору (14–20-кылым) жана король (12–18-кылым), ренессанс стилиндеги Бельведер ак сарайлары (16-кылым), барокко, готика жана модерн стилиндеги, эклектика духундагы (улуттук музей жана театр) көптөгөн курулуштар сакталган. Европанын кооз шаарларынын бири. Прагада таштан курулган 18 көпүрө бар (анын ичинде эң коозу Карл көпүрөсү). Алар шаарга өзгөчө көрк берип турат. Чыгыш Европанын жана Чехиянын жогорку билим берүүсүнүн борбору. Чех Илимдер академиясы, 8 жогорку окуу жай (анын ичинде университеттер, 17-ноябрь атындагы, Карл ж. б.), Банк иштери жана политехникалык институттары, Жогорку мектептер, китепканалар, музыка искусство академиясы, консерватория, улуттук ж. б. театрлар, улуттук галерея, музейлер бар. Праганын 5 борбордук району архитектуралык-тарыхый корук катары 1992-жылы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Эл аралык дүйнөлүк мааниси бар фестивалдар («Прага жазы», «Прага күзү» музыкалык, «Бир дүйнө» даректүү фильмдер, Бүткүл дүйнөлүк цыган искусствосу ж. б.) өткөрүлүп турат. Ботаникалык бак (тропика оранжереясы менен) жана зоопарк уюштурулган.
 
[[Категория: География]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9
 
{{Европа өлкөлөрүнүн борборлору}}
[[Категория: ГеографияЧехия]]
[[Категория:Шаарлар‎]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Прага" булагынан алынды