Петрозаводск: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
иллюстрация
м +link
 
1-сап:
[[Файл:Petrozavodsk 06-2017 img35 Railway station.jpg|thumb|300pxПетрозаводск.]]
'''Петрозаводск''' — Россиянын түштүк-батышындагы шаар (1777-жылдан). [[Карилия|Карел Республикасынын]] административдик борбору. Онега көлүндөгү порт. Калкы 263,6 миң (2012). Темир жол түйүнү. Аэропорту бар. Жыгаччылык өнөр-жайы («Сегеж» целлюлоза-кагаз комбинаты, «Питкяранта целлюлоза заводу» ААК) өнүккөн. Кара металлургия («Карель окатышы» ААК, «Вертсильск металл буюмдар заводу» ЖАК), тамак-аш (балык беленделет), электр-энергетика, машина куруу, түстүү металлургия өнөр-жай ишканалары иштейт. Россия Илимдер Академиясынын Карел филиалы, 3 Жогорку окуу жайлары (анын ичинде университет), педагогикалык академия, коллеждер, китепкана, архив, театр, филармония, консерватория, музейлер бар. Шаар 1703-ж. негизделген. Классицизм стилиндеги курулуш ансамблдери (18-кылым) сакталган.
 
[[Категория:География]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9
 
[[Категория:ГеографияРоссия шаарлары‎]]