Гамбург: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
+ Une vue du Port.jpg
1-сап:
[[Файл:Une vue du Port.jpg|thumb|Гамбург.]]
'''Гамбург''' - [[Германия]] Республикасындагы шаар. Өзалдынча административдик-аймактык бирдикти Гамбург жерин түзөт. Эльба дарыясынын боюнда, [[Түндүк деңиз|Түндүк деңизинен]] 100 км аралыкта жайгашкан. Калкы 1,7 млн (2006); калкынын саны боюнча өлкөдөгү Берлинден кийинки 2-шаар. Жолдор тоому. Өлкөнүн башкы деңиз жана дарыя порту. Эл-аралык аэропорту бар. Эльба-Траве каналы аркылуу Балтика деңизиндеги Любек порту менен байланышат. Ири өнөр жай, соода, финансы жана маданий очок. Кеме жана авиакуруу, электр-техникалык, нефть ажыратуу, Химиялык, жеңил, тамак-аш-татымал, түстүү металлургия, кино өнөржайы, метрополитен, университет, ядро изилдөө институту, мамлекеттик опера театры иштейт. Гамбургдагы суу астындагы тоннел аркылуу Стокгольм Лиссабон автострадасы өтөт. Альтон (Түндүк Германиянын маданияты жана тарыхы), этнографиялык, Кунстхалле, искусство жана кол өнөрчүлүк музейлери, скульптор жана жазуучу Эрнст Барлахтын үйү бар. 9-кылымдарда Улуу Карл тарабынан чеп катары негизделген. Орто кылымда ганзалардын башкы шаары болгон. 1510жылдан эркин империя, 1815-1933-ж. эркин шаар. Кыштан салынган готика стилиндеги Ыйык Пётр (11-к.), Ыйык Екатерина (14-15-к.), Ыйык Иаков (14-к.) чиркөөлөрү сакталган. Г. 17-кылымдардан музундугу мад-ттын ири борбору. 1975-жылдан «Балет күндөрү», 1985-жылдан кыска метраждуу фильмдердин фестивалдары болуп турат. 1974-, 2006-ж. футбол боюнча дүйнөнүн чемпионаты өткөрүлгөн. Гамбург жашыл шаар (шаардын аймагынын 40%тен ашыгын бакча, парк, аянттар, токой ээлейт). «Плантен унд блумен» паркы (рекреация объектиси) шаардын Түндүк бөлүгүндө жайгашкан. Көпүрөлөрдүн саны боюнча (2200дөн ашык) дүйнөдөгү шаарлардын ичинен алдыңкы орунду ээлейт. Балык базары (порттун аймагында), Хагенбек зоопаркы (1907) иштейт. Немистин улуу композиторлору И. Брамс жана Я. Менделъсон ушул шаарда төрөлгөн.
[[Категория:География]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
 
[[Категория:ГеографияГермания]]
[[Категория:Шаарлар‎]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Гамбург" булагынан алынды