Гаочан: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Chaoborus moved page Гаочан шаары to Гаочан over redirect
No edit summary
1-сап:
[[File:Turpan-gaochang-d10.jpg|thumb|250pxГаочан.]]
 
'''Гаочан''' Чыгыш [[Чыгыш Түркстан|Түркстандагы]] байыркы шаар. Гаочандын тарыхы гунндардын доорунан башталат. Биздин замандын 1-кылымда түндүк гунндар Чыгыш Түркстанда өзүлөрүнүн саясий таасирин бекемдеген.

Хан империясы 2-кылымда гунндардан жеңилгенден кийин батыш аймактардан узак мезгилге чейин ажырап калган. 3–4-кылымда Гаочан аймагы бирде Кытайдын, бирде көчмөн гунн урууларынын колуна өтүп турган. 397–401-ж. хэси жана Гаочан аймагында гунндардын башчысы Цзюйцюй Менсюн Түндүк Лян династиясын негиздеген.

460-ж. бул династия жуан- жуандар тарабынан кыйратылган. Бул аймакта ошол эле учурда гунндар менен көчүп келген ашина түрк-төрүнүн тарыхынын эрте мезгили (Ганьсу-Гаочан 3-к. 460-ж.) болуп өткөн.

Кийин Гаочан Чыгыш Түркстандын башка шаарындай эле Батыш Түрк кагандыгынын карамагында болгон. 9-кылымдын 2-жарымында Гаочан [[Уйгур кагандыгы|Уйгур кагандыгынын]] борборлорунун бирине айланган. Гаочан шаарынын орду азыркы Турпан шаарынан 35 км түштүк-чыгышта жайгашкан.
 
== Маалыматтын булагы ==
* [http://bizdin.kg/books/item/24-short_hist_enscl Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003]
 
[[CategoryКатегория:Археология]]
[[Category:Кыргыз тарыхы]]
[[Категория:Орто Азия тарыхы‎]]
[[Category:Тарых]]
[[Категория:Кытай]]
[[Category:Археология]]
[[Категория:Шаарлар‎]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Гаочан" булагынан алынды