Гвадалахара: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
1-сап:
[[Файл:Guadalajara, México.jpg|thumb|Гвадалахара.]]
'''Гвадалахара''', Гуадалахара [[Мексика|Мексиканын]] батышындагы шаар. [[Мексика]] тайпак тоосунун түштүк-батышында, 1567 м бийиктикте жайгашкан. Халиско штатынын административдик борбору. Калкы 1,6 млн (2006); калкынын саны боюнча Мехикодон кийинки 2-шаар. Тогуз жолдун тоому. Метрополитен. Саламанкадан нефть жана нефть продукциясы, Сьюдад-Пемекстен газ куурлары келет. Өлкөнүн соода-өнөр жай, илимий, маданий борбору. Эл-аралык аэропорту бар. Машина куруу (радиоэлектроника өнүккөн), металл иштетүү, тамак-аш-татымал, булгаары-бут кийим, текстиль, химиялык өнөр жай ишканалары жана «Honda» компаниясынын автозаводу (жылына 27 миң даана) иштейт. Унмверситеттер, калк китепканалары, заманбап искусство галереялары, музей, Х. К. Оросконун музей-өнөрканасы, планетарий, зоопарк бар. 1531-ж. негизделген. Чиркөөлөр, 16-18-кылымдын коомдук курулмалары (андан ичкери Сан-Франциско Сан-Франсиско, 16-17-к.; Санта-Моника чиркөөлөрү, 1720-33) сакталган. [[Епископ]] Каваньястын госпиталынын имараты Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Шаарга жакын ГЭС бар.
[[Категория:География]]
 
[[Категория:Америка]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
 
[[Категория:ГеографияШаарлар‎]]
[[Категория:АмерикаМексика]]