Гдыня: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
+ Dar Pomorza - panoramio (1).jpg
 
1-сап:
[[Файл:Dar Pomorza - panoramio (1).jpg|thumb|Гдыня.]]
'''Гдыня''' - [[Польша|Польшанын]] түндүгүндөгү шаар. Поморье воеводдугунда. Калкы 254 миң (2006). [[Балтика деңизи|Балтика деңизинин]] Гдань бухтасында жайгашкан. Гданьск, Сопот шаары менен Труймясто шаар агломерациясын түзөт (калкы 867,0 мпң). Ири деңиз порту (2005-ж. 12,1 млн ò жүк ташылган, анын 63% контейнер жүгү). Карлскруна шаары (Швеция) менен паром аркылуу үзгүлтүксүз байланышып турат. Алгач 1253-жылдан эскерилет. 1926-жылдан шаар. Архангел Михаил чиркөөсү (13-к.), неоготика стилиндеги чарбак-үй (18-к.), функционализм стилиндеги курулуштар сакталган. Илимий-изилдөө институттары, Деңиз, Аскер-деңиз академиялары, бир нече менчик ЖОЖ, музейлер, театрлар бар. Жыл сайын поляк көркөм фильмдеринин фестивалы, хореография искусствосунун эл-аралык конкурсу, парустуу кайыктардын эл-аралык жарышы өткөрүлөт. Гдыня кеме куруу жана ремонттоо өнөр жайынын ири борбору. «Гдыня» кеме верфп (Европадагы эң ири ), кеме муздаткычтарына жана кабель телекөрсөтүүсүнө жабдуу чыгаруучу пшканалары, 2 ЖЭС, Поморье илимий-техникалык паркы (анын базасында электронпка өнөр жайы [[НАТО|НАТОнун]] аскерлерп үчүн байланыш каражаттарын чыгарат) иштейт. Балык кармалып, беленделет.
[[Категория:География]]
 
[[Категория:Европа]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
 
[[Категория:ГеографияШаарлар‎]]
[[Категория:ЕвропаПольша]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Гдыня" булагынан алынды