Деңиз: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
wikidata + links + A small passage in Paxos island, Greece.JPG
1-сап:
[[Файл:A small passage in Paxos island, Greece.JPG|thumb|[[Жер ортолук деңиз]].]]
'''Деңиз''' – кургактыктын четинде жайгашкан, кээде аралдардын тизмеги, же суу астындагы көтөрүңкү жерлер м-н бөлүнгөн океандын бир бөлүгү. океандан [[Океан]] м-н кысык аркылуу байланышкан же океандын ачык бетинен шарттуу гана бөлүнгөн, суусунун гидрологиялык режими м-н айырмаланган суу массасы.
 
Кээде океандын ачык, төрт тарабында тең кургактык же аралдар жок аймактары да деңиз деп шарттуу аталат. Мис., [[Атлантика океаны|Атлантика океанындагы]] Саргасс деңизи (ал калкыма балырлардын көптүгү м-н өзгөчөлөнөт). Кээде туюк көлдөрдү да деңиз деп шарттуу аталат (мис., [[Каспий деңизи|Каспий]], [[Арал деңизи|Арал]], [[Жансыз деңиз|Жансыз деңиздери]]). Кээ бир зор аянтты ээлеген, режими б-ча деңизден айырмасы жок океандын бөлүктөрү [[булуң]] деп аталат (мис., [[Мексика булуңу|Мексика]], [[Гудзон, булуң|Гудзон]], Бенгал, [[Гвинея булуңу|Гвинея булуңдары]]). Жайгашуу абалына ж-а гидрологиялык режиминин өзгөчөлүктөрүнө жараша ички ([[Кара деңиз]], [[Балтика деңизи]]), четки ([[Баренц деңизи|Баренц]], [[Лаптевдер деңизи|Лаптевдер]], Беллинсгаузен), аралдар арасындагы (Ява, Банда, Сулавеси) ж-а материктер арасындагы ([[Жер ортолук деңиз|Жер Ортолук]], [[Кызыл деңиз|Кызыл деңиздери]]) болуп бөлүнөт. Деңиз топоним катары да (мис., Казакстандагы Теңгиз көлү) кездешет.
 
== Колдонулган адабияттар ==
* Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2
 
[[Категория:ГеографияДеңиздер| ]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Деңиз" булагынан алынды