Туташтырма ткань: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 53 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q25615 (translate me)
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
4-сап:
Туташтырма ткань накта туташтырма, ''кемирчек'' жана [[Сөөк системасы|сөөк ткандарына]] бөлүнөт. Ал органдардын негизин түзөт, [[зат алмашуу]] иштерине катышат жана коргоо милдетин аткарат. Накта туташтырма ткань көпшөк жана ныкталган чың ткандан турат. Көпшөк ткандын ар багытты карай кеткен талчалары торчолорду түзөт. Ал торчолордун арасында клеткалар чачылып жайгашат. Мисалы, сөөктүн кемик торчолорунун ичинде кызыл кан денечелери, көк боор жана лимфа түйүндөрүнүн торчолорунда алардын клеткалары жатат. Чың ткандардын клеткалары бири-бирине тыгыз жайгашып, аларга чоюлуу жана жыйрылуу касиетин берет. Буларга [[тарамыш]] жана [[каргыш|каргыштар]] кирет. Кемирчек жана сөөк ткандарында абдан катуу жана бышык клетка аралык зат бар.
== Кемирчек ==
Кемирчек ткандары нык, жаркырак жана талча ткандардан турат. Жаркырак кемирчек ткандары жиликтердин ашташуучу башында жолугат. Ал эми ныкталган талча ткандар омурткалардын ортосундагы жана кээ бир муундардын арасындагы кемирчектерди түзөт. Сөөк тканы сөөк клеткасынан жана органикалык эмес заттардан туруучу клетка аралык заттардан түзүлөт. Кемирчек тканын сыртынан хондроцит клеткасы каптап турат.
Кемирчек тканы учко болунот.
1. Гиалин
2. Ийилгичтуу
3. Серпилгичтуу
 
== Колдонулган адабият ==
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8