Енисей: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
+ map
1-сап:
[[Файл:Yeniseirivermap.png|thumb|Енисей.]]
[[Файл:Bank of Yenisei River.jpg|thumb|Енисей.]]
'''Енисей''' (эвенкиче Иоанеси, сөзмө сөз – чоң суу, дарыя маанисинде) – [[Азия|Азиядагы]] суусу мол эң ири дарыялардын бири. [[Россия|Россиянын]] Краснояр крайында, жогорку агымы Тувада. Негизинен Батыш жана Чыгыш Сибирди бөлүп, түндүктү карай агат да, Кара (Карск) деңизинин Енисей булуңуна куят. Чоң Енисей (Бий-Хем) менен Кичи Енисейдин (Ка-Хем) кошулушунан түзүлөт. Узундугу 3487 ''км ''(Кичи Енисейдин башталышынан 4102 ''км'', Чоң Енисейдин башталышынан 4092'' км''), алабынын аянты 2580 миң ''км''2. Тува ойдуңу аркылуу аккан бөлүгүндө Жогорку Енисей (Улуг-Хем) деп аталат. Батыш жана Чыгыш Саяндан өткөндөн кийин Батыш Сибирь түздүгү менен Орто Сибирь бөксө тоосунун чек арасы боюнча агат. Енисей токол тоо­сунун тармактарында Казачье жана Осина босоголорун пайда кылат. Төмөнкү агымында салааларга бөлүнүп, нугунун жазылыгы 15–20 ''км''ге жетет, тереңдиги 15 ''м''ден кем эмес. Енисей негизинен кардын эриген суусунан (83 %) куралат; куралышындагы жамгыр суусунун үлүшү 8%, жер астындагы суунуку 9%. Негизги куймалары: Туба, Кан, Ангара, Таштуу Тунгуска, Төмөнкү Тунгуска, Курейка, Хантайка (оң куймалары); Хемчик, Абакан, Турухан, Кичи жана Чоң Хета, Танама (сол куймалары) жана башка Суусунун көп жылдык орточо чыгымы Игарка шаары тушта 18 500 ''м''3/''сек'', эң көбү 132 000 ''м''3/''сек'', эң азы 5210 ''м''3/''сек.'' Агымынын жылдык орточо көлөмү 584 ''км''3, Енисей булуңуна куярда 625 ''км''3''.'' Енисейдин көп бөлүгүндө жазында суусу кирип, жайында ташкындайт; жогорку агымында жаз, жай мезгилдеринде кирет. Жайкы межень август – октябрга, кышкысы ноябрь – апрелге туура келет. Октябрь – ноябрдан майдын аягы – июндун башына чейин муз каптап жатат. Дарыя суусунун режимин теске салууда Енисейде жана анын куймаларында курулган Саян-Шушь, Краснояр (Енисейдин өзүндө), Иркут, Братск, Усть-Илим (Ангарада), Хантай, Курейка сыяктуу ГЭСтердин, суу сактагычтардын мааниси зор. Саяногорск шаарынан баштап кеме туруктуу каттайт. Кемелерди төмөнкү бьефтен Краснояр суу сактагычына өткөрүү жана андан кайра жөнөтүү үчүн кеме көтөргүч курулган. Деңиз кемелери Игаркага чейин бара алат. Енисейдин жээгинде Шушь Токою улуттук паркы, Саян-Шушь, Столбы коруктары бар. Боюндагы ири шаарлары, порттору: Кызыл, Саяногорск, Минусинск, Абакан, Дивногорск, Красноярск, Лесосибирск, Енисейск, Игарка, Дудинка. Енисейдин жогорку агымында – Минуса ойдуңунда кыргыздар жашагандыгы алгач биздин заманга чейин 3–1-кылымдагы Кытай булактарында эскерилет.
 
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—19967—14—046—1
 
[[Категория:ГеографияРФ дарыялары‎]]
[[Категория:Сибирь‎]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Енисей" булагынан алынды