Гибралтар кысыгы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
wikidata, Strait of Gibraltar 5.53940W 35.97279N.jpg + links
1-сап:
[[Файл:Strait of Gibraltar 5.53940W 35.97279N.jpg|thumb|Гибралтар кысыгы.]]
'''Гибралтар кысыгы''' – [[Европа континенти|Европа]] (Пиреней жарым аралынын Түштүк чети) менен [[Африка|Африканы]] (түндүк-батыш бөлүгү) бөлүп турат. [[Атлантика океаны]] менен [[Жер ортолук деңиз|Жер Ортолук деңизди]] туташтырат. Узундугу 59 км. Туурасы 14–44 км. Эң тайыз жери фарватерде (Жер Ортолук деңиз менен Атлантика океанынын суу алмашуусу чектелген жерде) 338 м, эң терең жери 1181 м. [[Кысык|Кысыктын]] эки жээгинде тоо массивдери жайгашкан; анын түндүгүндөгүсү Гибралтар аскасы, түштүгүндөгүсү Жабал-Муса деп аталат; алар байыркы заманда Геркулес мамылары аталган. Кысык аркылуу агып өткөн деңиз агымдарынын үстүнкүсү чыгышты, тереңдиктегиси батышты карай агат. Кысыктын экономикалык, жана стратегиялык мааниси зор; ал англиялык Гибралтар чебинин көзөмөлүндө турат. Түндүк жээгинде [[Гибралтар]] (британиялык) жана Альхесирас (испаниялык), түштүгүндө [[Танжер]] ([[Марокко]]) порттору жайгашкан.
[[Категория:География]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
 
[[Категория:ГеографияКысыктар‎]]