Геопатогендүү зоналар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
мNo edit summary
 
1-сап:
'''Геопатогендүү зоналар''' – тирүү организмдердин, анын ичинде адамзаттын тиричилиги үчүн ыңгайсыз жерлер. Геопатогендүү зоналарды аныктоо акыркы жылдары гана жандана баштады. Бирок, айрым маалыматтар боюнча байыркы адамдар курулуш иштери үчүн жерлерди кылдаттык менен алдын ала изилдешкен. Азыркы кезде Геопатогендүү зоналардын пайда болушу реалдуу геофизикалык кубулушгарга (геомагниттик талаа, радиациянын деңгээлинин жогорулашы ж. б.) байланыштуу. Алар адатта асты көңдөй, тереңдиктеги жаракалар өткөн жана жер астындагы суулар аккан жерлерде, сайларда пайда болот. Алардын натыйжалары имараттардын деформацияланышынан жана урашынан, чөгүшүнөн, жолдордун жана коммуникациялардын локалдык деңгээлде бузулушунан адамдар менен жаныбарлар үчүн туруктуу патологиялык очоктордун түзүлүшүнөн ж. б. жагдайлардан байкалат. Геопатогендүү зоналардагы нурлануудан адамда нерв түйүндөрүнүн бузулушу, [[инсульт]], [[инфаркт]], [[Онкология|онкологиялык]] ж. б. оорулардын пайда болушу мүмкүндүк Ошондуктан Геопатогендүү зоналар байкалган жерлерде курулуш иштерин жүргүзүү алдында биолокация боюнча адистерге кайрылуу зарыл.
 
[[Категория:География]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
 
[[Категория:Биология‎]]
[[Категория:География]]