Дагстан: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
+ Dagestan_in_Russia.svg
1-сап:
[[FileФайл:FlagDagestan ofin DagestanRussia.svg|thumb|150pxДагстан.]]
[[File:DagestanFlag topographicof map-ruDagestan.svg|thumb|200px]]
[[File:Dagestan topographic map-ru.svg|thumb|upright|Дагстан.]]
 
'''Дагстан''', '''Дагстан Республикасы''' [[Россия Федерациясы|Россия Федерациясынын]] курамында. Россиянын Европа бөлүгүнүн эң түштүгүндө жайгашкан. [[Грузия]], [[Азербайжан]] менен чектешет. Түштүк-чыгышын Каспий деңизи чулгайт. Аянты 50,3 миң км2. Калкы 2,6 млн (2006); негизинен авар, даргин, кумык, лезгин, орус, лат, табасаран, чечен, азербайжан жана башка улут өкүлдөрү жашайт. Динге ишенгендеринин көбү – мусулман. Калкынын орточо жыштыгы 1 км2 жерге 52,1 киши. Борбору – [[Махачкала]] ш. Шаар калкы 42,7%. Ири шаарлары: [[Дербент]], Хасавюрт, Буйнакск, Кизляр. Административдик аймак жактан 41 районго, 10 шаарга, 18 шаарчага бөлүнөт. Түндүк Кавказдын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Эң бийик жери – Базардюзю чокусу (бийикт. 4466 м). Январдын орточо температурасы 1Сден–11Сге чейин (тоолордо), июлдуку 24С (түздүктөрдө). Жылдык орточо жаан-чачыны 200–800 мм. Ири дарыялары: Терек, Сулак, Самур. Ойдуңдары коңур, тоолору тоо-талаа, тоо-токой күрөң жана тоо-шал баа топурактуу. Чөл зонасы тоо ттаянган сайын жазы жалбырактуу (эмен, бук, граб) жана аралаш токой менен алмашат; жогору жагы субальп жана альп шалбаалуу. Табияты калктын жашоо шартына ыңгайлуу. Нефть, күйүүчү газ, таш көмүр, кара, түстүү (жез колчеданы) жана сейрек кездешүүчү (стронций) металлдар, ар түрдүү курулуш материалдары казылып алынат. Минералдык булактары көп. Берикей көлүндө дары баткак кени бар.
Конституциясы 2003-ж. кабыл алынган. Мамлекеттик бийликти Элдик чогулуш (парламент), Мамлекеттик кеңеш, өкмөт жана башка органдар жүзөгө ашырат.
Line 11 ⟶ 12:
* Кыргызстан: энциклопедия
 
[[Категория: ГеографияОрусия‎]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Дагстан" булагынан алынды