Танзания: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Tanzania (orthographic projection).svg
+ links
1-сап:
[[Файл:Tanzania (orthographic projection).svg|thumb|Танзания.]]
[[Файл:Flag of Tanzania.svg|thumb]]
'''Танзания''', Танзания Бириккен Республикасы (англисче United Republic of Tanzania, суахили) – Чыгыш Африкадагы мамлекет. Түндүгүнөн Уганда, түндүк-чыгышынан Кения, түштүгүнөн Мозамбик, түштүк-батышынан Малави жана Замбия, түндүк-батышынан Бурунди жана Руанда менен чектешет. Чыгышын Инди океаны, батышын Танганьика, түштүк-батышын Ньяса, түндүгүн Виктория көлдөрү чулгайт. Аянты 945,1 мин км<sup>2</sup>. Калкы 43,1 млн (2010). Элинин негизин бантулар (сунума, гого, ньялыз, маконде ж. б.) түзөт. Өлкөнүн түндүк-чыгышында нилоттор (масаи, луо ж. б.), түштүк кушниттер отурукташкан. Динге ишенгендери христиан менен мусулмандар. Ошондой эле салт болуп калган жергиликтүү динди да тутат. Расмий тилдери – суахили жана англис тилдери. Калкынын жашынын орточо узактыгы 58 жаш. Төрөлүүнүн деңгээли жогору (1000ге 12,09). Шаар калкы 25%. Ири шаарлары: [[Дар-эс-Салам]], Мванза, Занзибар, Морогоро. Борбору – [[Додома]] шаары. Административдик-аймактык жактан 26 (30) облуска бөлүнөт. Акча бирдиги – танзания шиллинги.
 
==Мамлекеттик түзүлүшү==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Танзания" булагынан алынды