Кыргыз элинин астрономиялык билимдери: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Жылдыздарды бир карап туруп эле,
Айдын, кундун эсебин тушунгөн эл.
Жыпара Исабаева

Кыр..."

No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
1-сап:
Жылдыздарды бир карап туруп эле,

Айдын, кундункүндүн эсебин тушунгөнтүшүнгөн эл.

Жыпара Исабаева

Кыргыздар жылдыздарга, Айга, Күнгө кылдат байкоо жүргүзүп келген байыркы элдерден. Анткени малый чыгашасыз багуу үчүн жаратылыштын сырларын өздөштүрүү зарылдыгы болгон. Ошондуктан Үркөр (Үркөрдү кыргыздар элек жылдыз деп да аташкан), Толтойдун огу, Үч аркар, Чоң Жетиген, Кичи Жетиген, Алтын казык, Сары жылдыз, Чолпон, Тараза, Балбылдак жылдыз, Саманчы жолу сыяктуу жылдыздарга карата убакытты, багытты аныкташкан. Үркөрдүн жердеги тиричиликке таасир этээрин байыртадан эле билишкен. Үркөр батышта жерге жакындаганда жаз келет, Үркөр батмайын жерге жылуулук кирбейт, таң алдында чыкканда жай бүтөт, шүүдүрүм түшөт. Үркөр көтөрүлгөндө күз келип, так төбөгө келгенде кыш ортолоп калат (токсон түшөт, ушул учурда жерде тоң кармалып турат). Үркөр кышында даана көрүнүп, апрелдин орто ченинен баштап көрүнбөй калат (батат). Ай сөзсүз түрдө Үркөр топ жылдызына жакындап, тогошкон учурда жаңырат. Ай сайын Айдын Үркөр топ жылдызына жакындашуусу "Тогол" деп аталат. "Тогол" - бул кыргыз элинин көп жылдык байкоолоруна негизделген өзүнчө бир астрономиялык билими - Ай календары болуп эсептелет. Тогол жыл сайын бир күнгө туура келбейт, өзгөрүп турат. Тогол күндөр адамга гана эмес, жан-жаныбарларга да жагымсыз, ал түгүл алар үңкүрлөрүнөн чыгышпайт. Оорулуу адамдар шалдырап, эч нерсеге көңүлү чаппай калганын баамдашат. Айлардын атын "тогол" аты менен атоо кыргыздарга гана таандык.