Климат: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
+ links
6-сап:
Климатты пайда кылуучу жалпы процесстерге жылуулук жана нымдуулуктун алмашуусу, [[атмосфера]] циркуляциясы жана башка кирет. Климаттын негизги мүнөзү белгилүү бир жердин аба ырайына көп жылдык байкоо жүргүзүүнүн негизинде аныкталат.
 
Климаттын ар кандай болушу географиялык шарттарга байланыштуу. Жердин климаты геологиялык доорлордо дайыма өзгөрүп келген. Азыркы учурда жер бетинин климаты географиялык кеңдиктерге ылайык экватордук, 2 [[субэкватор]]дук, 2 тропиктик, 2 субтропиктик, 2 [[мелүүн]], субарктикалык, субантрактикалык, арктикалык, антарктикалык климаттык алкактарга бөлүнөт. Ээлеген аймагы бооюнча макроклимат, мезоклимат, [[микроклимат]], аба ырайынын мүнөзүнө карай ысык, мелүүн, суук, континенттик, деңиздик, тоо, уюлдук жана башка климаттарга ажыратылат. Климат табияттын бир компоненти болуу менен ал суу режимине, [[Топурак|топуракка]], [[Өсүмдүктөр|өсүмдүк]] жана [[жаныбарлар]] дүйнөсүнө, ошондой эле адамдын ден соолугуна, турмуш тиричилигине жана чарбасына таасирин тийгизет.
 
[[Кыргызстан|Кыргызстандын]] аймагы мелүүн климаттык алкактын чөл зонасынан орун алган; жалпысынан [[континенттик климат]] үстөмдүк кылат; Кыргызстан тоолуу болгондуктан ага климаттык бийиктик боюнча өзгөрүүсү да мүнөздүү.
 
== Адабият ==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Климат" булагынан алынды