Жигитов, Салижан: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Replaced content with '#REDIRСалижан Жигитов'
1-сап:
#REDIR[[Салижан Жигитов]]
'''Жигитов, Салижан''' - Кыргызстандагы чыгаан публицист, адабият таануучу, энциклопедиячы, журналист жана агартуучу.
Кыргызстандын илим жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1984), филология илимдеринин доктору (1992), профессор (1998).
 
[[Image:Jigitov.JPG|thumb|right|Салижан Жигитовдун сүрөтү.]]
 
== Өмүр жолу ==
 
[[Салижан Жигитов]] 1936-жылы 17-мартта [[Түштүк Кыргызстан]]дагы [[Ош облусу]]нун Өзгөн районундагы [[Көлдүк кыштагы]]нда туулган.
 
1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы [[Кыргыз улуттук университети]]нин) филология факультетин аяктаган.
 
1965-жылы Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун аспирантурасын аяктаган.
 
Өзүнүн эмгек жолун Салижан Жигитов 1959-жылы Өзгөн районунда мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган.
 
1961-62-жылдары Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер, ал эми 1979-жылдан тарта сектор башчысы болуп узак жылдар үзүрлүү эмгектенген.
 
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакторунун биринчи орун басары болуп да иштеген.
 
 
Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси (1991-93), Кыргызстандын Өзбекстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси (1993-1995), "[[Азаттык үналгысы]]нын" Бишкектеги бюросунун жетекчиси (1995-1996), Кыргыз улуттук университетинин профессору, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Гуманитардык билимдер институтунун директору ж.б. кызматтарды аркалаган.
 
 
2003-жылы «Акыйкат жана прогресс» партиясына мүчө болуп өткөн. 2004-жылы «Жаңы багыт» коомдук саясий кыймылын уюштуруучулардын бири болгон.
 
2006-жылы 11-февралда Бишкек шаарында каза болгон.
 
Маркумдун сөөгү 2006-жылы 13-февралда Бишкектеги Ала-Арча мамлекеттик көрүстөнүнө коюлган.
 
 
== Илимге, анын ичинде кыргыз адабиятына салымы ==
 
 
300дөн ашык илимий жана адабий эмгектердин автору.
 
Жүздөгөн учкул сөздөрдүн, таамай айтылган тамашалардын, татынакай ырлардын да ээси. Анын азилдеринин нечени кагаз бетине түшө да жлек.
 
Бир катар адабий сын изилдөөлөрүн жарыялап, Назым Хикмет, Мустай Карим сыяктуу атактуу акындардын чыгармаларын кыргызчага которгон.
 
Салижан Жигитов 1984-жылы илим жана техника жаатында Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон.
 
Кыргыз улуттук илимдер академиясынын академиги наамы үчүн да ат салышкан, бирок анын диссертациясын кийин жактаган, ошол тапта чоң кызматтарды ээлеген окуучуларынан орун тийген эмес.
 
= Негизги эмгектери ==
 
Стихи и годы. Фрунзе, 1972.
 
Киргизская литература 20-х годов. Фрунзе, 1984.
 
 
= Шилтемелер ==
 
* Кыргыз Совет энциклопедиясы. Фрунзе, 1976-1980.
 
* Асанов У.А., Джуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах. - Бишкек: Главная редакция энциклопедии и Центра госязыка, 2002. - С. 189. (ISBN 5-89750-142-4)
 
* http://www.azattyk.org/content/Kyrgyzstan_Jigitov/1955372.html
 
* http://www.azattyk.org/content/article/1279429.html
 
 
[[Category:Кыргыз адабияты]]
 
[[Category:Кыргыз тарыхы]]
 
[[Category:Кыргызстан]]
 
[[Category:Кыргыз медиа]]
 
[[Category:Кыргыз таануу]]
 
[[Category:1936-жыл]]