Жай: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
Файл:Champs 002.jpg + links
 
1-сап:
[[Файл:Champs 002.jpg|thumb|Жай ([[Франция‎]], [[Монокультура]]).]]
'''Жай''' – [[жаз]] менен [[Күз|күздүн]] аралыгындагы абанын температурасы эң жогору болуп турган жыл мезгили; климаттык сезон. Түндүк жарым шарда жайкы күн токтолуудан (21–22-июндан) же жайкы чилдеден күзгү күн-түн теңелүүгө (23-сентябрга) чейинки мезгили. Түндүк жарым шарда – июнь, июль, август, Түштүк жарым шарда – декабрь, январь, февраль айлары жай мезгили болот. Жай мезгилинин узактыгы климаттык жана фенологиялык сезон катары төмөнкү кеңдиктерден жогорку кеңдиктерди карай кыскарат. Экватордук алкакта жыл бою жай өкүм сүрөт. Субтропикте 5 ай, мелүүн алкакта 3 ай, уюлдук кеңдиктерде 1–2 айдан ашпайт. Кыргызстан аймагында жайында күн ысып, үшүк жүрбөйт, өсүмдүк вегетациясы токтобойт; кургакчылык да болот. Кыргызстанда бул түшүнүккө байланыштуу Жай-Терек (Базар-Коргон районундагы жердин аты) топоними бар. Кыргыздар жай мезгилин табыстан, жайдын толгон кезин ак жай деп да атайт.
[[Категория:География]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5
 
[[Категория:Астрономия]]
[[Категория:ГеографияКалендарь]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Жай" булагынан алынды