'''АpкaАрка''' (латынча arcus - дого, ийри) - имараттардын, дубалдардын аралыгын түркүктөр, колонналар, пилондор аркылуу бириктирип турган таяныч. АpкaАрка - имараттардын архитектуралык маанилүү элементи, конструкциянын тосмолоруна жана стилдин талаптарына ылайык өзгөрүп турат. 19-кылымдын 2-жарымында арка жаңы өркүндөтүлгөн архитектуралык формалар менен металлдан курулган. Мындай жаңы архитектуралык мүмкүнчүлүк 20-кылымда темир-бетон аркаларынын пайда болушуна алып келген. Алар чоң имараттарда, көпүрөлөрдө, спорттук курулуштарда жана метро станцияларынын интерьерлеринде колдонулат.
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—19967—14—046—1