Жаңы Гвинея: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
map + links
+ links
1-сап:
[[Файл:LocationNewGuinea.svg|thumb|Жаңы гвинея.]]
'''Жаңы гвинея''' (индонезиялыктардын тилинде Ириан) – [[Тынч океан|Тынч океандын]] батышындагы арал. Чоңдугу боюнча Жер шарында [[Гренландия|Гренландиядан]] кийинки 2-арал. Аянты 829 миң км2 (башка маалымат боюнча 771,9 миң км2). Узундугу 2 миң кмден ашык, туурасы 700 кмге чейин. Батыш бөлүгү [[Индонезия|Индонезиянын]] (Батыш Ириан), чыгышы [[Папуа-Жаңы Гвинея]] мамлекетинин аймагы. Калкы 3 млндон ашык. Аралды жээктей батыштан чыгышты карай бийиктиги 5029 мге жеткен тоолор (Жая чокусу) созулуп жатат, аракеттеги жанартоолор бар. Түштүгүн кенен ойдуң ээлейт. Климаты экватордук, субэкватордук. Жылдык жаан-чачыны тоолордо 4000 ммден ашык. Дарыялары сууга мол (Мамберамо, Сепик, Дугил, Флай); төмөнкү агымдарында кеме жүрөт. Флорасы менен фаунасы өтө ар түрдүү, нымдуу тропик токою, бийик тоолуу бадалдар, түштүгүнүн айрым жерине саванналар мүнөздүү. Ямс, [[жүгөрү]], [[батат]], [[какао]] жана [[кофе]], каучук дарактары өстүрүлөт, кокос плантациясы бар. Нефть казып алынат. Балык кармалат. Негизги шаарлары: Порт-Морсби, Маданг (Папуа – Жаңы Гвинея), Соронг, Жаяпура (Индонезия).
 
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—19967—14—046—1
 
[[Категория:ГеографияАралдар‎]]
[[Категория:Папуа-Жаңы Гвинея]]
[[Категория:Индонезия]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Жаңы_Гвинея" булагынан алынды