Папуа-Жаңы Гвинея: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
м +link
2-сап:
[[Файл:Flag of Papua New Guinea.svg|thumb]]
 
'''Папуа-Жаңы Гвинея''' – [[Океания|Океаниядагы]] мамлекет. [[Тынч океан|Тынч океандын]] түштүк-батыш бөлүгүндө жайгашып, [[Жаны Гвинея]] аралынын чыгыш бөлүгүн жана ага жакын жайгашкан аралдарды, Бисмарк архипелагын, Соломон аралынын түндүк бөлүгүн (Бугенвиль, Бука аралдарын), Д’Антркасто аралын ж. б. жерлерди ээлейт. Арафура, Коралл, Соломон жана Жаңы Гвинея деңиздери жана Тынч океан чулгайт. Австралиядан Торрес кысыгы аркылуу (туурасы 160 км) бөлүнөт. Кургактык аркылуу Индонезия менен гана чектешет. Аянты 462,8 миң км<sup>2</sup>. Калкы 7,3 млн (2013); калкынын негизин папуастар түзөт, ошондой эле меланезиялыктар, микронезиялыктар, полинезиялыктар да жашайт. Расмий тили - англис тили, ток-писин жана хири-моту тилдеринде да сүйлөшөт. Динге ишенгендердин көбү - христиандар, калгандары салт болуп калган жергиликтүү динди тутат. Шаар калкы 15,2%. Борбору – [[Порт-Морсби]]. Административдик-аймактык жактан 4 регионго, алар 22 провинцияга бөлүнөт. Акча бирдиги – кина.
 
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2011)