Эндокрин тутуму: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
2-сап:
'''Эндокрин системасы''' ([[ички секреция бездери]]). <br />
== Функциясы ==
[[Нерв системасы|Нерв]] жана эндокрин системалары организмди жөнгө салуучу система болуп эсептелет. Алардын катышуусуз организмде бир да процесс жүрбөйт, эндокрин жана нерв системасы өз ара тыкыстыгыз байланышта болуп, алардын иши бузулса организмде олуттуу өзгөрүштөр болот. Эндокрин системасын ички секреция бези түзөт. Алар өздөрү иштеп чыгарган биологиялык активдүү заттарды — [[гормондор|гормондорду]] бөлүп чыгаруу өткөөлдөрү болбогондуктан сыртка чыгарбай, канга жана лимфага кошот. Бул процесс ички же эндокрин секрециясы деп да аталат. Ички секреция бездеринин түзүлүшүн, функциясын, алардын бузулушун эндокринология изилдейт.<br />
 
== Түзүлүшү ==
Эндокрин системасына [[гипоталамус]], [[гипофиз]], [[эпифиз]], [[Калкан сымал без|калкан сымал]] жана анын жанындагы без, [[Уйку бези|уйку без]] аралчалары, [[бөйрөк үстүндөгү без]], [[энелик без]], [[үч ача без]] кирет. Бул бездердин көлөмү жана формасы түрдүүчө болуп, дененин ар кайсы бөлүгүндө жайгашкан. Эндокрин системасы бөлүп чыгарган гормондор кан менен бүт денеге тарап, органдардын иштешин камсыз кылып турат ([[Гормондор]]). Жаныбарлар менен адамдардын денесинин ар кандай бөлүктөрүнүн иштешин координациялап жөнгө салууда, органдардын бири-бирине айкалышып иштешинде гормондордун ролу зор. Булчуңдардын жана бездердин дүүлүктүргүчкө болгон эң ыкчам (милли-секунданын ичинде) жооп кайтаруусу [[Нерв системасы|нерв системасынын]] таасиринин негизинде болот. Ал эми организмдеги клеткаларда жайбаракат бир нече мин., саат жана жуманын ичинде өтүүчү процесстер гормондордун таасири астында өтөт. Зат алмашуу процессиндеги өзгөрүүлөр, организмдин өсүп-өнүгүшү, көбөйүшү эндокрин системасынын таасири менен жүрүп, кандагы кант, натрий, калий, кальций жана башкалар заттардын концентрациясы жана клетка аралык суюктуктун составын өзгөртүүсү гормондор аркылуу жөнгө салынып турат. Гормондор өтө активдүү болуп, анын эң аз өлчөмү организмдин айрым органдарынын түзүлүшүнө жана иштешине чоң таасир тийгизет. Ички секреция бездери адатта эң аз өлчөмдө гормон бөлүп чыгарып, канда анын концентрациясы билинер-билинбес, заара менен тышка чыгышы андан да аз. Гормондор кан аркылуу башка органдарга таасирин тийгизсе, нейрогормондор нерв клеткаларынын аксон талчалары аркылуу тарайт, ал эми простагландиндер жыныс суюктуктарынын составында болот.<br />