'''Женева көлү''', - '''Леман көл''' — (кельт тилинде gеnа – чат, дарыя чаты) [[Швейцария]] менен [[Франция|Франциянын]] аймагында, Батыш [[Альпы тоотекеси|Альп]] жана Юра тоолорунун аралыгындагы өрөөндө деңиз деңгээлинен 372 м бийикте жайгашкан. Аянты 582 км2, узундугу 72 км, тереңдиги 310 мге чейин. Жээгинин көп бөлүгү бийик, тик. Женева көлү аркылуу Рона дарыясы агып өтөт. Кеме жүрөт. Жээгинде [[Женева]], [[Лозанна шаары|Лозанна шаары]] (Швейцария) орун алган. Климаттык жана бальнеолдук курорттору: [[Веве]], [[Монтрё]] (Швейцария), Эвьян-ле-Бен (Франция) жана башка, туризм өнүккөн.
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—19967—14—046—1