Жумгал району: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
мNo edit summary
83-сап:
}}
 
'''Жумгал району''' - [[Нарын облусу|Нарын облусундагы]] район, борбору [[Чаек, Жумгал району|Чаек]] кыштагы<ref>[http://enrin.grida.no/htmls/kyrghiz/soe2/english/map/map3.htm| Кыргызстандын райондору]
</ref>.
 
89-сап:
 
Район толугу менен [[Ички Теңир-Тоо|Ички Теңир-Тоодо]] жайгашкан. Жери тоолуу, деңиз деңгээлинен 2000 мден жогору жатат. Түндүгүнөн [[Жумгал кырка тоосу]], түштүгүнөн [[Молдо-Тоо]], чыгышынан [[Сандык тоосу]], батышынан [[Суусамыр кырка тоосу]] чектейт. Аймагынын эң бийик жери 4185 м, [[Миң-Куш чокусу]]. Молдо-Тоонун Көкөмерен капчыгайына жана Миң-Куш өрөөнүнө караган Түндүк капталдары жазы, батышы тик жана аскалуу. Райондун аймагы кең байлыктарга бай. [[Каракече көмүр кени|Кара-Кече]], [[Кабак көмүр бассейни|Кабак]], [[Миң-Куш көмүр кендери|Миң-Куш]], [[Көк-Мойнок көмүр кени|Көк-Мойнок]], [[Кара-Суу кварц кум кени|Кара-Суу]] күрөң көмүр, курулуш материал кендери, минералдуу суу булактары жана башка бар.
 
==Климаты==
Климаты [[Континенттик климат|Климаты континенттик]]. Кышы суук жана узак; январдын орточо температурасы '''-15... -16°С''', жайы ысык (өрөөндө '''-30-32°С'''). Жылдык жаан-чачыны тоолорунда 250-500 мм, өрөөнүндө 350-370 мм.
 
==Табияты==
Ири суулары: [[Көкөмерен]], [[Жумгал суусу|Жумгал]], [[Суусамыр суусу|Суусамыр]], Каракол жана башка, көлдөрү: [[Соң-Көл|Соңкөл]], [[Ак-Көл]], [[Сарыкөл|Сары-Көл]], [[Баш-Кууганды, Жумгал району|Баш-КуугандКууганды]]ы, Сандык жана башка райондун аймагында ачык куба, коңур, тоо шалбаалуу талаа [[субальп]], тоо шалбаалуу каралжын, тоо токойлуу, тоо чымчала чым көңдүү альп топурактары таралган. Ачык куба күрөң топурак өрөөндүн таманын ээлеп, негизги жер фондусун түзөт. Өсүмдүктөрү тоолуу рельефинежанаклиматтык шарттарынын бийиктикке жараша өзгөрүшүнө байланыштуу ар түрдүү. Өрөөндүн таманында жана тоо этектеринде чөл жана жарым чөл өсүмдүктөрү таралган. Жалпысынан эфемерлер, эфемероиддер басымдуу. Алар бетеге, ак кылкан, эрмен, кой тикен, төө таман, чий, кокуй тикен, чекенди жана башка.
 
Өрөөндүн 2000 м бийиктикте жаткан түзөң жерлери менен тоо этектерин чөл жана жарым чөл зоналары ээлейт; мындагы боз топуракта чий, шыбак, эрмен, суу жээктеринде шалбаа өсүмдүктөрү өсөт. Өрөөндөрдү курчаган тоолордун капталдарына субальп, альп (3300 м) шалбаалары мүнөздүү; алар негизинен жайытка пайдаланылат. Кабак тоосунун тескей беттеринде карагай, бадалдуу токой, Суусамыр, Батыш Караколдун төмөнкү агымдарын бойлой тал, терек, чычырканак жана башка өсөт. Жеринин басымдуу бөлүгү таштуу, жылаңач дөңсөөлүү аймакты түзөт. Дыйканчылыкка ыңгайлуу жери деңиз деңгээлинен 1400-2300 м бийиктикте жайгашкан.
 
==Калкы==
Калкынын негизин кыргыздар түзөт; ошондой эле [[Орустар|орус]], [[Татарлар|татар]], [[Украиндер|украин]], [[Өзбектер|өзбек]], [[Уйгурлар|уйгур]], [[Тажиктер|тажик]], [[Дунгандар|дуңган]] жана башка улуттар да жашайт. Орточо жыштыгы [[Квадраттык километр|1 км<sup>2</sup>]] жерге 8 киши. Райондо 10 айыл өкмөтү, 26 кыштак, Миң-Куш шаарчасы бар. Райондо төрөлүү коэффициенти 23,9%ды, өлүм-житим 8,8%ды түзөт.
 
==Айыл чарбасы==
Райондун чарбасы негизинен айыл чарба багытында. Дан эгиндери, [[Тоют өсүмдүктөр|тоют]], [[картөшкө]], жашылча, бир аз жер жемиш (бакча) өсүмдүктөрү өстүрүлөт.
Line 103 ⟶ 107:
 
Ушул эле жылы айыл чарбага жарактуу жери 383,6 миң га, чабынды 2653 га, жайыт 361,0 миң га болгон. Дан эгиндери (9580 га), картөшкө (112 га), жашылча (27 га) айдалган. Дыйканчылыктан 2006-жылы 7,7 миң т дан, 10,6 миң т картөшкө, 2,4 миң т жашылча, 113 т мөмө-жемиш жыйналган. Өнөр жай. ишканаларынан Миң-Куш шаарчасында «Оргтехника» АК, нан заводу, Миң-Куш көмүр кенин казган «Ак-Улак» МАК, Кара-Кече көмүр кенин казган «Ак-Жол» АК, «Шарбон» ЖАК, «Демилге+ЛДТ» ЖЧК, «Беш-Сары» ПКФ, Чаек эт комбинаты («Жумгал» АК), Айыл чарба техникаларын ремонттоочу чакан ишкана, тегирмендер, колбаса жана консерва чыгаруучу, жашылча-жемиш кургатуучу, макарон (кесме) жасоочу жана өсүмдүк майын сыгуучу цехтер, ошондой эле минералдык суу куючу «Чабыт» биргелешкен ишканасы жана башка иштейт. Алар 2006-жылы 37,1 млн сомдук (облустун 5,5%) өнөр жай продукциясын чыгарышкан.
 
==Транспорт тармагы==
Райондун аймагы аркылуу [[Кочкор-Чаек-Миң-Куш автомобиль жолу|Кочкор Чаек Миң-Куш]], [[Тунук-Суусамыр-Арал автомобиль жолу|Тунук Суусамыр Арал]] автомобиль жолдору өтөт. Чаек Бишкек, Чаек Нарын каттамдары иштейт. Райондун автомобиль транспорту менен 2006-жылы 106,1 миң т жүк ташылса, жүргүнчү ташуунун жүгүртүлүшү 20,4 млн жүргүнчү-километрди түзгөн. Калкка көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү тейлөөлөрдүн көлөмү 42,1 млн сомго жеткен.
 
==Маданияты==
Райондо жалпы билим берүүчү 27 мектеп (анын ичинен 23 орто, бир негизги, 3 башталгыч) бар. Бир катар мектептерде англис тилин окутуу боюнча топтор, компьютер кабинеттери, математика жана башка сабактар боюнча лицей, гимназиялык класстар түзүлгөн. Балдардын спорт мектеби жана «Жалын» эс алуу лагери иштейт. Райондо кесиптик-техникалык окуу жайы, кесиптик лицей, музыкалык мектеп, 6 бала бакча, 11 клуб, 22 китепкана, маданият үйү жана кинотеатр бар.
Line 111 ⟶ 117:
 
Райондун калкын 195 орундуу борбордук, 95 орундуу 2 айылдык оорукана, шаардык оорукана, 4 айылдык-врачтык амбулатория жана 10 үй-бүлөлүк врачтар тобу, 8 ФАП жана санитария-эпидемиологиялык станция, 2 дарыкана тейлейт. Аларда 75 дарыгер, 387 медициналык орто билимдүү адис эмгектенет. Райондук «Демилге» гезити кыргыз тилинде чыгат.
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5
 
== Эскертүүлөр ==
{{Эскертүүлөр}}
{{Кыргызстандын райондору}}
 
[[Категория:Кыргызстан]]
[[Категория:ГеографияЖумгал району| ]]
[[Категория:Нарын облусу]]