Жумгал суусу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
оформление
No edit summary
 
24-сап:
|Түрмөктөр Уикиказынада =
}}
'''Жумгал суусу''' - (моңголчо дзун сол же чыгыш жана гөл суу; сол куйма маанисинде) [[Жумгал району|Жумгал районундагы]] суу, Көкөмерендин сол куймасы. Кызарт жана Базар-Турук суулары кошулуп, Жумгалды түзөт. Узундугу. 96 км, алабынын аянты 3080 км<sup>2</sup>. Өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүнүн таманы деңиз деңгээлинен 2000-2200 м бийиктикте (туурасы 3-5 км) жатат; ал батышты карай жапыздап (1485 мге чейин), таманы 25 кмге чейин кеңийт. Чаектен батышка карай өрөөнү кайра кууштайт. Жээги жайык тектирлүү. Ири куймалары: Чаар-Арча, Кызарт, Түгөл-Сай, Баш-Кууганды, Орто-Кууганды, Кара-Кече, Беш-Терек, Миң-Теке жана башка Жылдык орточо чыгымы 11,2 м<sup>3</sup>/сек, эң көбү 77,0 м<sup>3</sup>/сек, эң азы 5,30 м<sup>3</sup>/сек. Апрелдин аягында кире баштап, августта тартылат. Октябрда тоңуп, апрелде ачылат. Жумгалдын алабында көл көп; ирилери: Сары-Көл (аянты 0,36 км<sup>2</sup>), Баш-Кууганды (0,22 км<sup>2</sup>), [[Чоң-Таш көлү|Чоң Таш-Көл]] (0,24 км<sup>2</sup>) жана башка Жумгалдан бир нече сугат каналы башталат; ирилери: Жаңы-Арык, Сары-Талаа. Жээгинде Чаек, Түгөл-Сай, Арал, Кайырма, Багышан жана башка кыш. жайгашкан.
 
[[Категория:География]]
[[Категория:Суулар]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5
 
[[Категория:ГеографияЖумгал району]]
[[Категория:Кыргызстандын суулары‎]]