Шаар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
+ link
1-сап:
[[Файл:שדרות רוטשילד - אתרי מורשת בתל אביב 2015 (50).JPG|thumb|upright|Шаар ([[Тель-Авив]]).]]
'''Шаар''' – жашоочулары, эреже катары, айыл чарбасынан тыш чөйрөдө алектенишкен калктуу конуш. [[Кыргыз Республикасы|КРде]] төмөнкүдөй шаарлар айырмаланат: республикалык, облустук, райондук баш ийүүдөгү шаарлар. Республикалык баш ийүүдөгү шаарлар категориясына калкынын саны 300 миң адамдан кем болбогон, өнүккөн өнөржайга жана шаар чарбасынын баардык бөлүмдөрүнүн инфратүзүмүнө ээ жана республикалык маанидеги экономикалык жана маданий борбор болгон, жетекчиликти түздөнтүз КР республикалык бийлик органдары ишке ашыруу максатка ылайык келген калктуу конуштар кириши мүмкүн. Облустук баш ийүүдөгү шаарлар категориясына калкынын саны 30 миң адамдан кем болбогон, өнөржайлык жана транспорттук түйүн же борбор болгон, кыйла өнүккөн коммуналдык чарбага ээ жана өнүккөн экономикалык жана маданий борбор болгон калктуу конуштар кириши мүмкүн. Райондук баш ийүүдөгү шаарлар категориясына өнөржай ишканалары, коммуналдык чарбасы, окуу, маданий-агартуу, дарылоо жана соода мекемелеринин өнүккөн тармагы бар, калкынын саны 10 миң адамдан кем болбогон калктуу конуштар кириши мүмкүн.
 
== Колдонулган адабияттар ==
* [[Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү]]. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
 
[[Категория:Юридикалык аталгылар жана түшүнүктөр ]]
[[Категория:Шаарлар| ]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Шаар" булагынан алынды