Венесуэла: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
→‎Табияты: Nuestro Angel.jpg +link
367-сап:
==Табияты==
[[Файл:Nuestro Angel.jpg|thumb|[[Анхель]].]]
Дарыя тармагы өтө жыш; алар негизинен [[Ориноко]] д-нын алабына кирет, жайында ташкындап, жаанчыл сезондо жүздөгөн км<sup>2</sup> аянтты каптап кетет. Ориноконун Гвиана бөксөтоосунан башталган оң куймаларынын (Карони, Каура ж. б.) нуктары босоголуу, [[Шаркыратма|шаркыратмалар]] көп; анын ичинде дүйнөдөгү эң ири шаркыратма [[Анхель]] да бар. Өтө зор суу-энергетикалык потенциалынын бир аз бөлүгү гана пайдаланылат. Карони дарыясында суу-энергетикалык максатта курулган Гури суусактагычы дүйнөдөгү 10 ири суу сактагычтын катарына кирет. Венесуэланын түштүгүндө Түштүк Американын эң ири эки суу системасы табигый туташат: Ориноконун жогорку агымында андан Касикъяре дарыясы бөлүнүп, Амазонканын сол куймасы Риу-Негруга кошулат. Өлкөдө 200дөн ашык көл бар; алардын эң ирилери: Маракайбо ж. б. көптөгөн лагуна-көлдөр, Кариб Анд тоолорундагы өрөөндө жайгашкан Валенсия көлү ж. б. Суу ресурстарынын 1 % гана чарбада пайдаланылат. Венесуэланын аймагынын басымдуу бөлүгүнө кызыл ферраллит, түштүгүнө жана түштүк-батышына кызгылт-сары жана сары ферраллит, көбүнчө күлдөшкөн, Ориноко дарыясынын өрөөнүнө, Маракайбо ойдуңунун түштүк-батыш бөлүгүнө гидроморфтук глей жана саз топурактары, Венесуэла булуңунун жээктерине феррозём мүнөздүү. Венесуэланын аймагынын 56% ин токой ээлейт; жыл сайын токой аянты 2,2 миң км<sup>2</sup>ге азаюуда. Венесуэланын түштүгүн жана түштүк-батышын гилей, Ориноко дарыясынын дельтасын жана Маракайбо ойдуңунун түштүк-батыш бөлүгүн мезгил-мезгили менен суу астында калган дайыма жашыл токой жана саз, жээктерин мангр токою ээлейт. Кордильера-де-Мерида, Кариб Анд тоолорунун жана Гвиана бөксөтоосунун капталдарына 800-1200 м бийиктикке чейин жалбырагын күбүүчү жана жалбырагын күбүүчү-дайыма жашыл токойлор (анакардиум, сейба же пахта дарагы, айдарым капталдарында дайыма жашыл токойдун баалуу дарактары, анын ичинде хинн дарагы, цедрел, воск пальмасы, папоротниктер, эпифиттер) мүнөздүү. Токойдон жогору (2200 мден өйдө) Кариб Анд тоолорунун кыры чөп өсүмдүктөрү жыш өскөн жана суйдаң бадалдуу шалбаа субпарамос, Кордильера-деМериданын бийик бөлүктөрү кылкандуу жана жаздык сымал өсүмдүктүү парамос менен капталган. Саваннанын ири массивдери Льянос-Ориноконун түздүктөрүндө кездешет. Венесуэлада жалпы аянты 53,5 млн га болгон коргоого алынган 176 аймак бар (2005), анын ичинде Канайма (Бүткүл дүйнөлүк мураска катталган), Серрания-де-Неблина улуттук парктары.
 
==Тарыхы==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Венесуэла" булагынан алынды