Жыргалаң өрөөнү: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
 
1-сап:
'''Жыргалаң өрөөнү''' - [[Ысык Көл ойдуңу|Ысык-Көл ойдуңунун]] түндүк-чыгыш, чыгыш уландысы. Жыргалаң суусунун алабында. [[Ак-Суу району|Ак-Суу]], [[Түп району|Түп райондорунун]] аймагында. Аянты 1150 км<sup>2</sup>, узундугу. 120 км, туурасы 0,51,5 км. Эң бийик жери 3800-4400 м, эң жапыз жери 1608-1800 м. [[Тескей Ала-Тоо|Тескей Ала-Тоонун]] түндүк-чыгыш капталынан капчыгай сымал башталат. Баш жагында субмеридиан багытында жаткан тепши сымал өрөөн; төмөнкү бөлүгү кеңдик багытында, кенен, негизинен неогендин кум, чопо тектери менен капталган. Өрөөн ичинде 6-7 тектир бар; Ак-Булактан баштап таманы саздуу. Жылдык орточо температурасы 5-6°С, январдыкы -7°С, июлдуку 16,6°С. Жылдык жаан-чачыны 400-800 мм. Кара жана тоо-токой топурактуу; тоолуу бөлүгүндө тулаң, карагай, бадал, субальп өсүмдүктөрү өсөт; андан жогору субнивалдык ландшафт мүнөздүү. Өрөөндүн түзөң жерлеринде эгин, жашылча эгилип, мөмө бактары өстүрүлөт. Суулары балыкка бай. [[Жыргалаң суусу|Жыргалаң суусунун]] тоодон чыга бериш жеринде таш көмүр казылып алынат (к. Жыргалаң көмур кени). Көп жери жайыт.
 
[[Категория:География]]
[[Категория:Ысык-Көл облусу]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5
 
[[Категория:ГеографияӨрөөндөр‎]]
[[Категория:Ысык-Көл облусу]]