Инди-европа тилдери: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Chorobek moved page Индо-Европалык тилдер to Инди-европа тилдери |
No edit summary |
||
1-сап:
'''Инди-европа тилдери''', '''Индевропа тилдери''' - дүйнө жүзүндө эң кеңири таралган тилдердин бүлөөсү<ref>Индоевропейские языки // БРЭ. Т.11. М., 2008.</ref>. Жердин бардык [[континент|континенттеринде]] сүйлөнөт жана жалпы колдонуучулардын саны 2,5 млрд. ашат. Азыркы айрым лингвисттердин пикирине ылайык, [[ностратикалык тилдер|ностратикалык тилдердин]] макро бүлөөсүнүн бир бөлүгү болуп саналат.<ref> Дыбо В. А., Терентьев В. А. Ностратические языки // Лингвистический энциклопедический словарь. — М.: Сов. энциклопедия, 1990. — С. 338—339.</ref>
Евразиянын ири лингв. уяларынын бири. Буга инди, иран, славян, балтика, герман, армян, албан, грек, келт, байыркы жана жаңы тилдердин кээ бири, латын тили, кийинчерээк андан өнүгүп чыккан роман, тозар, итальян жана Кичи Азиядагы байыркы тилдер (шынаа жазмасы бар хетт, иероглифтүү хетт, лувий) кирет. Кичи Азиядагы тилдердин ичинен шынаа жазмасы болгон хетт же несит тили толук изилденип, жазма эстеликтери (биздин заманга чейинки 2миң жылдык) толук аныкталган. Айрым изилдөөчүлөр индевропалык топко ликий жана лидий тилдерин да кошуп жүрөт, бирок алар жөнүндө маалымат аз. Индевропа тилдеринин көбү (мисалы, фракий, фригей тилдери) жоюлуп кеткен, жазма эстеликтер да калган эмес; иран тобуна кирген скиф тили, Байыркы Европада кеңири таралган иллирий тилдери жөнүндө да маалымат аз. Кеңири тараган Индевропа тилдери: славян, инди, иран, герман, роман тилдери. Келт тили сыяктуу айрым тилдер тарыхый шарттан улам анча тарай алган эмес. Индевропа тилдеринин тектештиги уңгу сөздөрдүн жалпылыгынан, грамматикалык түзүлүшүнөн байкалат. Байыркы Индевропа тилдерине мүнөздүү грамматикалык белгилердин бири флексия, ал тилдерде уланды мүчөлөрдүн бай системасы болгон. Айрымдарында (мисалы, славян, балтика тилдери) байыртан калыптанган морфол. система толук сакталган, айрымдары (мисалы, жаңы инди, жаңы иран жана герман тилдери) сөз өзгөртмө эски флексиялык формаларынан ажырап, өзгөрүп кеткен. Индевропа тилдеринде олуттуу өзгөрүүлөр болсо да, алардын теги бир экенин айгинелеген жалпылыктар бар. Индевропа тилдерин илимий изилдөө 19-кылымдын башында башталган. Бул тилдердин тыбыштык, лекспкалык жана грамматикалык түзүлүшүн салыштырып изилдөөнүн негизинде жалпы тил илиминде салыштырма-тарыхый метод иштелип чыккан.
==Колдонулган адабияттар==
[[Категория:Тилдер]]▼
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5
[[Категория:Лингвистика]]▼
<references/>
|