Антверпен: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ links
 
1-сап:
[[Файл:0 Antwerp town hall (1).JPG|thumb|Антверпен.]]
'''Антверпен (шаар)''', Анвер (фламандча Antwerpen, фр. Anvers; фламандча аталышы Aen’twert верфтин жанында) - [[Бельгия|Бельгиянын]] түндүгүндөгү [[шаар]]. Аты окшош провинциянын административдик борбору. Шельда дарыясынын жана Альберт каналынын боюнда, [[Түндүк деңиз|Түндүк деңиздин]] жээгине жакын жайгашкан. Калкы 451 миң (шаар айланасы менен 955 миң, 2004). Дүйнөдөгү эң ири порттордун бири (2002-жылы 132 млн о. жүк ташылган; Европада жүк айлантуу боюнча [[Роттердам|Роттердамдан]] кийин 2-орунда). Өлкөнүн ири соода, финансы жана башкы өнөр жай борбору. Түрдүү машина куруу (анын ичинен кеме куруу), түстүү металлургия, нефть ажыратуу, химия, нефть-хим, текстиль, тамак-аш өнөр жайы бар. Антверпен бриллиант сатуунун жана алмазды кырдоонун дүйнөлүк борбору. Королдук асем өнөр музейи (мында голландиялык сүрөтчүлөрдүн чыгармалары да чогултулган); П. П. Рубенстин үй музейи бар. 1920-жылы VII Олимпиадалык оюн өткөрүлгөн. 16-кылымдын 2-жарымында мааниси боюнча Европадагы 1-соода жана кредит борбору болгон. Стен сепили (16-кылымда соңку готика стилинде кайра курулган) сакталган.
 
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Антверпен" булагынан алынды