Исфайрам-Сай өрөөнү: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
мNo edit summary
1-сап:
'''Исфайрам-Сай өрөөнү''' – [[Алай кырка тоосу|Алай кырка тоосунун]] Түндүк капталынан агып түшкөн сууну бойлоп жатат. Узундугу 130 кмдей, таманынын жазылыгы баш жагында 0,3–0,6 км, ортосунда (Пум, Чабай суулары куйган бөлүгүндө) 2–2,5 км, Фергана ойдуңуна чыга беришинде 10–15 км. Таманынын деңиз деңгээлинен бийиктиги 1000 мден 3000 мге чейин. Жогору жагында Шыпы, СүрмөТаш жана Исфайрам-Сай болуп үч айрыкка бөлүнөт. Төмөн жагы кенен келип, улам жогорулаган сайын кууштап, капчыгайга өтөт. Мында шиленди конустар басымдуу. Алардын үстү тегиз, айрым жерлери жылга-жыбыттуу. Капчыгайдын таманы өтө кууш, суу жээктериндеги жайылмалар 1–2 кмден ашпайт. Жогорку бөлүгү «жылаңач» аскалардан туруп, таманы 0,3–0,6 км. Өрөөн тепши сымал. Тоо беттериндеги куюлма шагыл таштар этегинде шиленди конустарды пайда кылат. Өрөөндүн таманы төртүнчүлүк мезгилдин чөкмө, мөңгү, шиленди тектеринен түзүлгөн. Тоо капталдары палеозойдун кумдук, сланец, конгломерат, акиташ тектеринен туруп, айрым жерлерин гранит, гранитдиорит интрузиялары жпреп чыккан. Өрөөндүн бийик тоолуу бөлүгүндө жалпы аянты 37,4 км<sup>2</sup>ге жеткен 39 мөңгү бар. Өрөөн аркылуу [[Исфайрам-Сай|Исфайрам-Сай суусу]] агат. Тоо капталдарында шилби, итмурун, табылгы сыяктуу бадал аралаш өскөн арча токою басымдуу. Андан жогору субальп жана альп шалбаалуу талаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Суу жээктеринде терек, кайың, тал, чычырканак, арча, жылгын ж. б. өсөт. Токою түрү боюнча топ-топ болуп өскөндүгү менен өзгөчөлөнөт; мисалы, терек токою, кайың токою ж. б. Жогорку бөлүгү жайыт, ортоңку жана төмөнкү бөлүктөрүнүн таманы чабынды, айдоо. Өрөөндө Үч-Коргон, Кара-Жыгач, Кара-Кыштак, Майран, Пум, Чакмак кыш. жайгашкан.
 
[[Категория: География]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5
 
[[Категория: ГеографияӨрөөндөр‎]]