Лейлек району: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ links
68-сап:
}}
 
'''Лейлек району''' – [[Баткен облусу|Баткен облусундагы]] административдик район. 1928-ж. уюшулган. Баткен облусунун батыш бөлүгүндө жайгашып, түндүк-батышынан жана түштүгүнөн [[Тажикстан]] (мында чек арасынын узундугу 297 км), чыгышынан [[Баткен району]] менен чектешет. Республиканын борбору [[Бишкек|Бишкектен]] 1135 км, Пролетарск (Тажикстан) темир жол бекетинен 55 км, облустун борбору [[Баткен]] шаарынан 135 км алыстыкта. Аянты 4,7 миң км2 (Баткен облусунун аймагынын 27,4%ин түзөт). Калкы 117,0 миң (2010). Райондо 2 шаар ([[Исфана]], [[Сүлүктү]]), 9 айыл өкмөтү, 48 кыштак бар. Борбору – [[Исфана шаары]].
297 км), чыгышынан Баткен району менен чектешет. Республиканын борбору Бишкектен 1135 км, Пролетарск (Тажикстан) темир жол бекетинен 55 км, облустун борбору Баткен шаарынан 135 км алыстыкта. Аянты 4,7 миң км2 (Баткен облусунун аймагынын 27,4%ин түзөт). Калкы 117,0 миң (2010). Райондо 2 шаар (Исфана, Сүлүктү), 9 айыл өкмөтү, 48 кыштак бар. Борбору – [[Исфана шаары]].
 
Райондун аймагы Фергана ойдуңунун бир аз бөлүгүн (мында Кыргазстандын деңиз деңгээлинен эң жапыз жери жайгашкан, 401 м) жана аны түштүккө карай улап жаткан адырлар менен бийик этек тоолор тилкесин (алардын аралыгында Маргун, Даргун, Мадыген, Исфана жана башка чакан өрөөндөр жайгашкан) ээлейт. Ошондой эле Түркстан кырка тоосунун түндүк капталы (эң бийик жери 5390 м, Сабах чокусу), андагы өрөөн, капчыгайлар Бели-Сынык, Тоо-Жайлоо жана башка тоолордун түндүк капталдары да райондун аймагына карайт.
 
[[Файл:Mountains located South of Isfana.JPG|thumb|Лейлек району.]]
Климаты континенттик, жайы ысык, кургак; кышы мелүүн суук. Январдын орточо температурасы өрөөндөрдө –4ᵒС, тоолордо –9ᵒС, июлдуку 25– 29ᵒС, тоолордо 15–20ᵒС. Жылдык жаан-чачыны өрөөндөрдө 150–300 мм, тоолордо 400– 600 мм.
 
[[Континенттик климат|Климаты континенттик]], жайы ысык, кургак; кышы мелүүн суук. Январдын орточо температурасы өрөөндөрдө –4ᵒС, тоолордо –9ᵒС, июлдуку 25– 29ᵒС, тоолордо 15–20ᵒС. Жылдык жаан-чачыны өрөөндөрдө 150–300 мм, тоолордо 400– 600 мм.
 
Суулары: Ак-Суу (куймалары: Дакат-Суу, Сардала, Сумбула), Кара-Суу, Лейлек (куймалары: Өрөм, Жети-Көпүрө, Кожо-Бакырган). Суулары сугатка кеңири пайдаланылат. Негизинен боз, тоолоруна тоо-токой, тоошалбаа топурактары мүнөздүү.
Line 86 ⟶ 87:
 
Райондо жалпы билим берүүчү 56 (анын ичинде 2 музыкалык) мектеп, гимназия, 20 мектепке чейинки мекеме, кесиптик-техникалык орто окуу жайы, № 48 лицей, балдардын ден соолугун чыңдоочу борбор, 27 айылдык китепкана, 19 маданият үйү, 4 музей, ошондой эле клубдар, маданий эс алуу жайы жана парк бар. Райондук бир, аймактык 5 оорукана, 23 ФАП, 27 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана башка медициналык мекемелер иштейт (2009).
 
==Тарыхы==
'''Легендарлуу Лейлектин аталышы жөнүндө'''
* ('''1 Варианты''') - Лейлек аймагында байыртадан илек-илек кушу байырлап, алар абдан көп болгондуктан, ошолордун атынан ал Илек-Илек, кийин Лейлек аталып калган дешет. Куш ысымдуу Лейлек жергебиз деп ата-бабаларыбыз ушул вариантты туура көрүп жүрүшөт.
* ('''2-варианты''') - Кокон хандыгынын тушунда бул аймак таза суусу, абасы, арча, жыпар гүл жыттуу тоолору, кийик, уларлары менен хандын жана бектердин көңүлүн өзүнө буруп турган. Ар жылы жазда алар бул аймакка келип, жайлоолордо эс алышып, кызгалдак терип кетишкен делет. Кызгалдакты өзбектер, тажиктер лола деп аташат. Ошол лолага барабыз, лолак көп жер, лолактуу жер делип жүрүп, Лолак, анан Лейлек аталып калган деп айтылат.
Line 105 ⟶ 107:
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7
<references/>
 
{{Кыргызстандын райондору}}
 
[[Категория:Лейлек району| ]]
[[Категория:Баткен облусунун райондору]]
 
{{Kyrgyzstan-geo-stub}}