[[Файл:Turkestan mountains near Kara-Suu.JPG|thumb|Түркстан тоо кыркасы.]]
'''Түркстан тоо кыркасынын''' түндүк капталы [[Кыргызстан]]дын [[аймак|аймагына]] караштуу. Ал [[Алай кырка тоосу]]нун батыш уландысы болуп, [[Фергана өрөөнү]]нүн батыш жагын түштүгүнөн курчап турат. Матча ашуусунан башталып, Жизак шаарынын меридианына чейин 300 км ге созулуп жатат. Чыгыш жагынын бийиктиги 5000 м ден ашык, батышка карай акырындап төмөндөп, 2000 м бийиктикте Нура-Ата тоосуна өтүп кетет. Кыргызстандын аймагына [[Сох, суу|Сох]] суусунун төрүнөн Ак-Суунун алабына чейинки 140 км ге жакын бөлүгү караштуу. Эң жазы жери —20 км, эн бийик жери —5622 м.