"Иртыш" түзөтүүлөрүнүн айырмасы

+ link
м
(+ link)
[[Файл:Irtish v Omsk.JPG|thumb|Иртыш ([[Омск]]).]]
[[Файл:Ob watershed.png|thumb|[[Обь]] менен Иртыш.]]
'''Иртыш''', Эртиш – [[Казакстан]] менен [[Россия|Россиянын]] аймактары аркылуу аккан дарыя, [[Обь]] дарыясынын сол куймасы Башаты Кытайдагы Моңгол Атлай тоолорунан башталат. Узундугу 4248 км, алабынын аянты 1643 миң км<sup>2</sup>. Жогорку агымы тоо дарыясы, Зайсаң көлүнөн Усть-Каменогорск шаарына чейин Буктурма суу сактагычы жана Усть-Каменогорск ГЭСи аркылуу агымы жөнгө салынат. Семей шаарынан төмөн, чатына чейин Батыш Сибирь түздүгү аркылуу агат. Төмөнкү бөлүгүндө өрөөнү 35 кмге чейин кеңийт. Башкы куймалары: [[Ишим]], Вагай, Тобол, Конда (сол), Омь, Тара, Демьянка (оң). Орточо чыгымы Тобольск шаары тушта 2150 м<sup>3</sup>/сек (чатында 2830 м<sup>3</sup>/сек), эң чоң чыгымы 12 100 м<sup>3</sup>/сек, эң азы 297 м<sup>3</sup>/сек. Төмөнкү агымы майдан сентябрга, жогорку агымы апрелден октябрга чейин кирет. Ноябрдан апрелдин аягына чейин тоңот. Чатынан жогору карай 3784 кмге чейин кеме жүрөт. Эл чарбасын суу менен камсыз кылып, сугатка пайдаланылат. Иртыш Караганды каналы сууну Иртыштан алат. Боюндагы негизги шаарлар жана порттор: Усть-Каменогорск, Семей, [[Павлодар]], [[Омск]], Тобольск, Ханты-Мансийск. Тарыхый даректер боюнча алгачкы жолу «Худуд ал-аламда» Итиль менен Артуш дарыясынын ортолорунда кимактар, ал эми кимактардын чыгышында кыргыз уруулары турары айтылган.
 
М. Кашгариде да (11-кылым) Иртышта огуз тилдүү уруулар жашаары эскерилген. 8-кылымдын ортосунда Иртыштын жогорку агымын ээлеген карлуктар батыш тарапка ооп, ал жерде кимактар калышкан. 9-кылымдын 2-жарымы 10-кылымдын башында Борбордук Азияда кыргыздардын саясий таасиринин күчөшүнөн улам кимак-кыпчактар дагы батышка жыла баштаган. 10–12-кылымда Иртышты кыргыздардын айрым бөлүктөрү жана түрк уруулары мекендеп турган. 13-кылымда бул аймак моңголдордун карамагына өтүп, Жучу хандын бай тактысы Иртышта жайгашып, 14-кылымдын 2-жарымынан Моголстан мамлекетинин карамагына кирген жана Иртыш анын Түндүк чек арасы катары эсептелген. 14-кылымдын 2-жарымынан Иртыш ойрот урууларынын карамагында калган жана калмактардын биригүү процессине байланыштуу 17-кылымдын 1-жарымында Жуңгар хандыгы негизделген. Кулагандан кийин Иртышты казак уруулары мекендеген. Орустардын Сибирди өздөштүрүшү менен Иртыш аймагы Россия империясынын карамагына өткөн. Жогорку Иртыш өрөөнү Енисей жана [[Теңир-Тоо]] кыргыздарынын этностук байланышын изилдөөдөгү маанилүү тарыхый аймактардан болуп эсептелет.
25 681

edits