Кемин-Челек тоо тоому: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
м +links
 
1-сап:
'''Кемин-Челек тоо тоому''' – [[Иле Ала-Тоосу]] менен [[Күнгөй Ала-Тоо|Күнгөй Ала-Тоонун]] ашташкан жеринде. [[Кыргызстан]] менен [[Казакстан|Казакстандын]] чегинде. Дээрлик кеңдик багытында созулуп жаткан кырка тоолорду Талгар тоо массивинин батышынан түштүк-чыгышты көздөй кеткен кыска (13 кмге жакын) жана бийик (Конституция чокусу, 4580 м) тоо туташтырып турат. Кемин-Челек тоо тоому – [[Түндүк Теңир-Тоо|Түндүк Теңир-Тоонун]] эң бийик (Талгар чокусу, 4973 м) жери жана ири мөңгүлүү аймагы. Негизинен протерозой менен палеозойдун кристаллдык тектеринен түзүлгөн. Неоген-антропогенде өтө күчтүү тектоникалык көтөрүлүүнүн натыйжасында калыптанган. Көтөрүлүү процесси азыр да уланууда. Бийик тоолуу альп рельефи мүнөздүү. Түрдүү формадагы бийик тоо чокуларынан, капталдары тик кырлардан, байыркы мөңгүлөрдүн аракетинен пайда болгон тепши сымал өрөөндөрдөн, туюк төрлөрдөн жана башка турат. Капталдарында үбөлөнүү жана гравитациялык процесстер өтө катуу болгон. Эң ири муз каптоо мезгилинде Чоң Кемин жана Челек өрөөндөрүнүн башында зор мөңгүлөр (узундугу 30 кмге жеткен) жаткан. Азыркы ири мөңгүлөрү: Корженевский (узундугу 12 км), Богатырь (8 км), Жаңырык (7,8 км, Челек тарабында), Ак-Суу (6 км), Талгар (3,5 км, Чоң Кемин тарабында). Субальп, альп шалбаасы жана гляциалдыкнивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайкы жайыт.
 
[[Категория:География]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
 
[[Категория:Кыргызстандын тоолору‎]]
[[Категория:Казакстан географиясы‎]]