Кабул: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary |
fix box |
||
3-сап:
|кыргызча аталышы = Кабул
|расмий аталышы = کابل
|
|баш ийгени =
|өлкө = Ооганстан
56-сап:
|идентификатордун түрү =
|цифралык идентификатор =
|сайты =
|сайтынын тили =
}}
'''Кабул''' – [[Ооганстан|Ооганстандын]] борбору, шаар. Кабул вилаятынын административдик борбору. Иран бөксө тоосунун түндүк-чыгыш четинде, Кабул дарыясынын өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 1791 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 3 071 400 млн (2011). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Кабул аркылуу Жакынкы Чыгыш менен Европаны, Ыраакы Чыгыш менен Индияны байланыштырган жолдор өтөт.
Шаар алгач 2-кылымда Птолемейдин эмгектеринде Кабур деп эскерилет. Кабулду 9-кылымда Саффарилер басып алган. 13-кылымда аларды Чынгызхан талкалаган. 1504-ж. Бабур басып алып, ээликтеринин борбору кылган. 1774-жылдан 1818-жылга чейин Кандагар менен бирге Дурраний мамлекетинин, англис-ооган согушунан (1878-80) кийин Ооган мамлекетинин борбору. 1919-ж. февралда эмир Аманулла-хан Кабулда Ооганстандын көз каранды эместигин жарыялаган. 1978-ж. Апрель революциясынан кийин Ооганстанга советтик аскер киргизилгенден (1979-89-ж. Ооган конфликти) Кабулда анын штаб командасы жайгашкан. 1989-ж. февралда советтик аскер чыгарылгандан кийин шаарда жана анын четжакасында Ооган оппозициясынын отряддары менен Ооганстан элдик-демократиялык партиясынын күчтөрүнүн айыгышкан катуу салгылаштары болгон. 1992-ж. апрелде оппозициялык топ Кабулду согушсуз ээлеген. 1996-ж. Кабулда «Талибан» кыймылы түзүлгөн. Ооганстанга АКШнын аскерлери киргенде (2001-ж., октябрь) «Талибандын» отряддары шаарды таштап кеткен. 1979-ж. согуш башталганга чейин Кабулдун экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү түзгөн. Текстиль, [[Металл иштетүү жана тоо-кен иши|металл иштетүү]], жыгаччылык, булгаары-бут кийим жана тамак-аш өнөр-жай ишканалары, үй куруу комбинаттары иштеген. Шаардын өнөр-жай потенциалы согуштун кесепетинен толугу менен талкаланган. 21-кылымдын башынан анча чоң эмес ишканалар (аскер куралдары, кебез-кездеме, кыл торко, кийим-кече, эмерек, суюлтулган газ, азык-түлүк) иштейт. 2006-ж. «Coca-Cola» заводу курулуп, ишке берилди. Бир нече мейманкана, заманбап соода борборлору, банктар курулууда. Шаардын четинде өнөр-жай зонасы уюштурулууда. Кол өнөрчүлүк (анын ичиндекилем токуу) өнүккөн. Кабул өлкөнүн илим-билим жана маданий борбору. Улуттук Илимдер Академиясы, университеттер (анын [[Категория:География]]▼
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074
{{Азия өлкөлөрүнүн борборлору}}
[[Категория:Шаарлар]]
|