Ла-Манш: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
map + links
 
1-сап:
[[Файл:Locatie Het Kanaal.PNG|thumb|Ла-Манш.]]
'''Ла-Манш''' (фр. La Manche, сөзмө-сөз – салаа), Англис каналы – [[Европа|Европанын ]] материктик бөлүгү ([[Франция]]) менен [[Улуу Британия]] аралынын ортосундагы кысык. [[Па-Де-Кале|Па-де-Кале кысыгы]] менен бирге [[Түндүк деңиз|Түндүк деңизди]] [[Атлантика океаны]] менен туташтырат. Узундугу 578 км, жазылыгы батышында 250 км, чыгышында 32 км. Фарватердеги тереңдиги 23,5 м, эң терең жери 172 м. Сайроондор (айрыкча чыгыш бөлүгүндө) көп. Суусу суткасына эки жолу ташкындайт; ташкындын бийиктиги айрым бөлүгүндө 12,2 мге ([[Сен-Мало]] булуңунда) жетет. Көбүнчө туман басып турат. Кысык аркылуу Түндүк жана [[Балтика деңизи|Балтика деңиздеринин]] жээктериндеги өлкөлөрдү Түндүк жана Түштүк Америка, ошондой эле Африка, Азия, Австралия өлкөлөрү менен байланыштырган маанилүү жол өтөт. Балык кармалат. Порттору: Портсмут, Саутгемптон, Плимут (Улуу Британия), Гавр, Шербур (Франция). Ла-Манш кысыгынын түбү менен Францияны Улуу Британия менен байланыштырган темир жол тоннели курулган (1994-ж. 6-майда ачылган); анын жалпы узундугу 51 км, анын 39 кми кысыктын таманынын асты менен өтөт.
 
Порттору: [[Портсмут]], [[Саутгемптон]], [[Плимут]] (Улуу Британия), [[Гавр]], Шербур (Франция). Ла-Манш кысыгынын түбү менен Францияны Улуу Британия менен байланыштырган темир жол тоннели курулган (1994-ж. 6-майда ачылган); анын жалпы узундугу 51 км, анын 39 кми кысыктын таманынын асты менен өтөт.
 
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7
 
[[Категория:География]]
[[Категория:ФранцияДеңиздер‎]]
[[Категория:ГеографияБатыш Европа‎]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Ла-Манш" булагынан алынды