Осака: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
+ Osaka Castle 03bs3200.jpg
 
1-сап:
[[Файл:Osaka Castle 03bs3200.jpg|thumb|Осака.]]
'''Осака''', Нанива – [[Япония|Япониядагы]] шаар. Өлкөдө чоңдугу жана экономикалык мааниси боюнча 3-шаар. Йодо дарыясынын (Ички [[Япон деңизи|Япон деңизинин]] алабы) дельтасындагы ири порт (жылына 80 млн тга чейин жүк ташылат; Япониянын экспортунун 2/ бөлүгү). [[Хонсю]] аралынын түштүк бөлүгүндө жайгашкан. Осака-фу префектурасынын административдик, Япониянын тарыхый соода борбору. Калкы 2,7 млн (2011). Жолдор тоому. Эки эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Япониянын соода-финансы борбору. АКлар, шалы фондусу, пахта биржасы, дүйнөдөгү ири банктардын филиалдары бар. Оор өнөр жай (өлкөдө өндүрүлгөн болоттун 1/6 и, прокаттын 2/6 си, түстүү металлдын 1/3бөлүгүнөн көбүрөөгү) өнүккөн. Так машиналар, станок, прибор жана кеме куруу, радио-техникалык жабдуулары, текстиль (Япония текстилинин 40%и), химиялык-фармацевтика, жыгаччылык, полиграфия, цемент, айнек, карапа өнөр жай ишканалары иштейт. Университет, музейлер (шаар, асем өнөр ж.б.) бар. Каналдары көп. 7-10-жана 16-кылымдагы храм (будда, синтоист) сепилдер сакталган. Шаар 7-кылымдан эскерилет.
[[Категория:Шаарлар]]5
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
 
[[Категория:ШаарларЖапония]]5
[[Категория:Шаарлар‎]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Осака" булагынан алынды