Какшаал тоо тизмеги: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м + links
1-сап:
[[Файл:Jengish Chokusu from BC.jpg|thumb|[[Жеңиш чокусу]].]]
'''Какшаал тоо тизмеги''' - [[Теңир-Тоо|Теңир-Тоонун]] түштүгүндө, [[Кыргызстан]] менен [[Кытай|Кытайдын]] чек арасы боюнча 582 кмге созулуп жатат. Эң жазы жери 54 км. Орточо бийиктиги 4500 м. Эң бийик чокулары: [[Жеңиш чокусу|Жеңиш]] (7439 м) жана [[Аскер топографтары чокусу|Аскер топографтары]] (6873 м). Орографиясы жагынан 3 бөлүктөн турат: чыгышы Бозкыр деп аталып, Сарыжаз капчыгайына чейин созулат, айрыктары: Кайыңды, Көйкап, Майбаш. Ортоңку бөлүгү Караичкетоо, Акзоо, Жангарт, Үччоку, Кайчы тармактарынан турат. Батышы Каракыр, Торугарт жана башкалар тармактардан туруп, Аксай өрөөнүн көздөй жапыздап, кайнозойдун тектерине чөгөт. Какшаалдын түштүк бети тик (50–60°), түндүк бети жантайыңкы (30– 40°).
 
Жондору кырдуу, аркайган чокулары көп. Капталдары капчыгайлар менен тилмеленип, көбүнчө зоокалуу. Негизги ашуулары–Бедел, Көгирим, Бикиртик, Кайчы, Карабел, Акөгүз, Сууктөр (4200 м). Сырт рельефи–айдөш беттер, жантайыңкы тегиздиктер да кезигет (айрыкча борбордук бөлүгүндө). К. т. т. – түштүк Теңир-Тоонун чегинде жайгашып, структурасы боюнча герцин бүктөлүүсүндө пайда болгон жана түндүкчыгышка карай багытталып жаткан мегантиклиналдык түзүлүш. Негизинен палеозойдун (силур-карбон мезгилдери) акиташ теги, алевролит, кумдук, конгломерат жана чополуу сланецтерден түзүлгөн. Аларды гранит, гранит-сиенит жана сиенит интрузиялары жиреп чыккан, ошондой эле пегматит, аплит, роговик жана скарндар кеңири тараган. Какшаалда негизинен калай рудалары, сейрек кездешүүчү металлдар жана башкалар кендер белгилүү (к. Акшыйрак калай кендүү району, Сарыжаз калай кендүү району). Курулуш материалдары көп; минералд уу арашан сууларда чыгат. Байыркы мөңгүлөрдүн издери сакталган. Мөңгүлөрдүн таралышы жагынан Кантеңирден кийин 2-орунда. Ирилери борборунда жана чыгышында жайгашкан.
7-сап:
 
== Колдонулган адабияттар ==
* [http://www.bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/geogr_ensclp.pdf Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргызстандын географиясы.] ISBN 9967-14-006-2
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5
 
[[Категория:Кыргызстандын тоолору‎]]