Бордо: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м +link
м +link
1-сап:
[[Файл:Place de la Bourse, Bordeaux, France.jpg|thumb|Бордо.]]
'''Бордо''' (Bordeaux) — [[Франция|Франциянын]] түштүк-батышындагы шаар. Аквитания тарыхый облусунун аймагында. [[Жиронда департамент|Жиронда департаментинин]] администрация борбору. Калкы 234,1 миң (2006; шаар айланасы менен 986,4 миң). [[Гаронна]] дарыясынын боюнда жайгашкан. [[Бискай булуңу|Вискайя булуңундагы]] Жиронда эстуарийиндеги порт. Ири кемелер келүүгө ыңгайлуу. Порт адистештирилген 6 терминалды (оор жүк ташуучу Вердон, Пойак, Влай, Амбе, Вассен; негизинен жүргүнчү ташуучу Вордо) камтыйт. Жылына 8,5 млн о жүк ташылат. Улуттук маанидеги жолдор тоому (анын ичинде Испанияга кетүүчү жолдор); ылдам жүрүүчү темиржолу аркылуу Париж менен байланышат. Эл аралык аэропорту бар.
 
Б. з. ч. 3-кылымдан Бурдигала деген ат менен белгилүү. 1235-ж. шаар укугун алган. 14-кылымдын башында ири соода жана колөнөрчүлүк борборуна айланып, ярмаркалар өткөрүлүп турган. Рим амфитеатрынын калдыктары, орто кылымдагы эстеликтерден некрополь, базилика, ренессанс жана барроко стилиндеги чиркөөлөр сакталган. Бордодо ИА, университет, эл аралык университет, бизнес жогорку мектеби, илим-изилдөө борборлору, китепканалар, музейлер, театрлар бар. Бордодо 1999-жылдан эл аралык аялдар киносунун фестивалы жыл сайын өткөрүлөт. Бордо ири өнөржай түйүнү. Машина жана кеме куруу жана ремонттоо, нефть ажыратуу, химиялык, текстиль, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз, цемент, тамак-аш (ун, кант, шоколад, жержаңгак майы, консерва) өнөржай ишканалары иштейт. Бордо маркалуу шарап чыгарып, аны сатуунун дүйнөдөгү борборлорунун бири. Эл аралык шарап салону, көргөзмөсү 2 жылда бир өткөрүлүп турат. Шаардын айланасында жүзүмчүлүк өнүккөн (110 миң гадан ашык).
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Бордо" булагынан алынды