Кичи Алай тоо кыркасы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
+ links
1-сап:
'''Кичи Алай кырка тоосу''' - [[Түштүк Теңир-Тоо|Түштүк Теңир-Тоодо]], [[Алай кырка тоосу|Алай кырка тоосунун]] тармагына кирет. [[Ноокат району|Ноокат районунун]] аймагында. Исфайрам-Сай жана Ак-Буура сууларынын аралыгында батыштан чыгышты карай 78 кмге созулуп жатат. Туурасы 20 км. Орточо бийиктиги 4600 м, эң бийик жери 4933 м (Уларлы чокусу). Тоонун батышы Кичи Алай, чыгышы (Чөгөм жана Коргон сууларынан тартып Ак-Буурага чейин) ОлоконТоо[[Олокон тоо|Олокон Тоо]] деп аталат. Кичи Алайдын кыры аска-зоокалуу, мөңгүлүү (Тегирмеч, Гезарт, Агарт, Карагой, Кашка-Суу ж. б.); мөңгүнүн этегинде көл көп кездешет. Олокон-Тоодо мөңгү жокко эсе. Тоонун түштүк капталдары Кичи Алай өрөөнүн карай тик түшөт, кокту-колоттуу, терең капчыгайлуу, түндүк капталдары жазы, Кербен — Көк-Жар, [[Ноокат өрөөн|Ноокат өрөөндөрүн]] карай жантайыңкы. түндүк капталында узундугу 20—25 м келген Жоожатты (бийиктиги 4048 м), Ярунтуз (3670 м), Жузан (3273 м), Алтын-Казык (3328 м) тоолору кеңдик багытында созулуп жатат. Батыш бөлүгү гранит-диорит, гранит, сиенит-диорит интрузия тектеринен, чыгыш жапыз бөлүгү сланец, кумдук, катмарланган кремний, диабаз, акиташ теги, кремнийлүү сланец, алевролит тоо тектеринен турат. Таш көмүр ж. б. кендер бар. Тоодон Исфайрам-Сай, Ак-Буура сууларынын куймалары, Абшыр-Сай, Араван-Сай суулары башталат. Түштүк капталдарына талаа жана сейрек токой-бадалдуу-шалбаалуу талаа, түндүк капталдарына талаа жана шалбаалуу талаа (2300 мге чейин), өскүлөң чөптүү шалбаа, бадалдуу арча токой (2300—3000 м), субальп жана альп шалбаасы (3000—3400 м), андан жогорку гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Чарбачылыкта жайыт, жапыз бөлүктөрү чабынды катары пайдаланылат. 2500 м бийиктикте, Мазар өрөөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Арча токоюн изилдөө илимий станциясы бар.
 
[[Категория:География]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
 
[[Категория:Кыргызстандын тоолору‎]]
[[Категория:Ноокат району]]
[[Категория:ГеографияТеңир-Тоо]]