"Талас өрөөнү" түзөтүүлөрүнүн айырмасы

м
links
м
м (links)
 
'''Талас өрөөнү''' [[Кыргызстан]]дын түндүк-батышында, [[Кыргыз Ала-Тоосу]] менен [[Талас Ала-Тоосу|Талас Ала-Тоосунун]] аралыгында кеңдик багытта созулат. Аймагында [[Талас району|Талас]], [[Манас району|Манас]], [[Бакай-Ата району|Бакай-Ата]] жана [[Кара-Буура району|Кара-Буура райондору]] жайгашкан. Узундугу. 140 км, туурасы 26 км. Таманынын абсолюттук бийиктиги 700–1400 м.
 
Өрөөндүн тоо капталдарына жана тоо этектерине эрозиялык, денудация, таманына аккумуляциялык рельеф мүнөздүү. Түндүк бөлүгүндө структуралык жактан Кыргыз Ала-Тоосу менен туташып, ага жарыш жаткан Орток-Тоо, Күнгөй, Кара-Жылга, Эчкили-Тоо, [[Ак-Таш]] тоолору жайгашкан. Өрөөн рельефинин түзүлүшү боюнча 3 бөлүктөн турат: Байыркы эрозиялык аккумуляциялык процесс өөрчүгөн жогорку кууш (жазылыгы 1–4 км) бөлүк (Үч-Кошой менен Кара-Кол сууларынын боюндагы 1400–2200 м бийиктеги тектирлер); Чат-Базар кыштагы. менен [[Кара-Буура суусу]]нун аралыгында жайгашкан аллювий түздүгү; Кара-Буура жана Күркүрөө сууларынын аралыгындагы тилмеленген жазы (30 кмге чейин) жайык бөлүк. Өрөөн кембрийге чейинки жана палеозойдун башталышында пайда болгон кумдук, чопо, сланец, конгломерат, акиташ жана аларды жиреп чыккан интрузия тоо тектеринен турат. Өрөөндүн таманында жана тоо этектеринде төртүнчүлүк мезгилдин кум-шагылы менен чополору кеңири таралган. Талас Ала-Тоо- суусунун түндүк капталында жнаа анын Кыргыз Ала-Тоосуна кошулган жеринде жалпы аянты 159,3 км2ге жеткен 210 мөңгү бар. Кар чеги 3450–3600 м бийикте. Климаты континенттик. Январдын орточо. температурасы батышында —8°С, чыгышында —7°С, июлдуку батышында 22°С, чыгышында 15°С. Жылдык орточо. жаан-чачыны 250–450 мм.
25 681

edits