Арча: нускалардын айырмасы

typo
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
typo
1-сап:
[[Файл:Jalowiec jagody1.jpg|thumb|''Juniperus communis''.]]
 
'''Арча''' - [[Латын]]ча аталышы - ({{lang-la|Juniperus}}), кээ бир булактарда *joini-parus* «бүчүр байлоо», ал эми кельт сөзүнөн Jeneprus — «саюучу» дегенди түшүндүрөт. Бул жалбырактарынын ийне сымал болушу менен түшүндүрүлөт. [[Өсүмдүктөр|Өсүмдүктөрдүн]] кипаристер тукумунун уруусу, дайыма жашыл ийне жалбырактуу дарак же бадал. Бийиктиги 10-12, кээде 20-30 м. Эки үйлүү, айрымдары бир үйлүү; жаш өркүндөрүнүн жалбырагы ийне сымал, бара-бара түрпүгө айланат. Гүлдөрү майда, жазында гүлдөйт. Тобурчактары эттүү, жемишке окшош, ичинде үчтөн уругу бар. Өтө жай, 500-1000 жыл өсөт. Жыгачы катуу, көпкө чирибейт. Арча жарыкчыл, кургакчыл, суукка чыдамдуу, тамыры терең жана жайылып өсүп, жер алдындагы сууну жана азык заттарды сиңирет. Ал туздуу деңиз жээктеринен тартып бийик тоо сырттарына, Түндүктүн саздуу токойлоруна, акиташтуу бийик тоо кыркаларына чейин кездешет. Кыргызстанда 10 түрү өсөт.
 
==Таралышы жана [[экология]]сы==
Бул ууруга киргендер Түдүк жарым шарда, Арктикадан тарта субтропикалык тоолуу аймактарга чейин таралышкан. Бир гана Африкада өскөн батыш-африка арчасы (Juniperus procera), 18° түштүктө байырлайт. Көпчүлүк түрлөрү майда ареалдарды түзүшүп тоолу өлкөлөрдүн тоо системаларында бири-бирин толуктап өсұп келишет. Баарыбызга белгилүү болгон кадимки арча — Juniperus communis, чоң ареалды ээлейт.
Дарак сымал арчалар, бийиктиги 10—15 м жетет. Мындай арчалар чакан [[Токой|токойлорду]] түзүп келишет. Буларды көбүнчө [[Борбордук Азия|Борбордук Азиядан]] ([[Кыргызстан]], [[Казакстан]], [[Өзбекстан]], [[Тажикстан]] ж.б.) жана кургак чөлкөмдүү Мексикадан, ошондой эле [[Түштүк Америка|Түштүк Американын]] түштүк бөлүгүнөн жолуктурса болот. Арчанын башка түрлөрү майда бадалчалар болуп саналышат жана тоо этектерде чакан токойчолорду түзүп өсүшөт. Бойлору кичине болгон жайылып өскөн арчаларды тоо-таштуу жайлардан кезиктиребиз. Булар көбүнчө токойлодон жогору жайланышып аска тектүү кургак жайларда өсүшөт.
 
Арчалардын баардык түрлөрү күнөстүү жайларды сүйүүчү өсүмдүктөр, көпчүлүгү субстрат тандабайт жана ысыкка, туздуулукка, минералдык заттардын жетишсиздигине чыдамдуу келишет. Суукка чыдамдуулугу боюнча арчалар жогору турушат, кээ бир түрлөрү арктикалык зонада да өсүшөт.
 
Line 22 ⟶ 23:
Урууда 50 - 67 чейин түрлөр бар.
 
* ''Juniperus angosturana'' R.P.Adams
* ''Juniperus ashei'' J.Buchholz — Мексика арчасы
* ''Juniperus barbadensis'' [[L.]] — Барбадосс арчасы
* ''Juniperus bermudiana'' L. — Бермуд арчасы
* ''Juniperus blancoi'' Martinez — Бланко арчасы
* ''Juniperus brevifolia'' — Азорий арчасы
* ''Juniperus californica'' Carriere — Калифорния арчасы
* ''Juniperus caucasica'' Fisch. ex Gordon — Кавказ арчасы
* ''Juniperus cedrus'' Webb & Berthel. — Жыгач арча, же кедр арчасы
* ''Juniperus chinensis'' L. — Кытай арчасы
* ''Juniperus coahuilensis'' (Martinez) Gaussen ex R.P.Adams
* ''Juniperus comitana'' Martinez
* ''Juniperus communis'' L. typus[8]* — Кадимки арча
* ''Juniperus conferta'' Parl. * — Суу жээктеген арча
* ''Juniperus deppeana'' Steud. — Калың терилүү арча
* ''Juniperus drupacea'' Labill. — Данектүү арча
* ''Juniperus durangensis'' Martinez
* ''Juniperus excelsa'' M.Bieb. * — Бийик арча
* ''Juniperus flaccida'' Schltdl.
* ''Juniperus foetidissima'' Willd. — Сасык арча
* ''Juniperus formosana'' Hayata — Формоз арчасы
* ''Juniperus gambona'' Martinez
* ''Juniperus gracilior'' Pilg.
* ''Juniperus grandis'' R.P.Adams — Чоң арча
* ''Juniperus horizontalis'' Moench — Жайылган арча
* ''Juniperus indica'' Bertol. — Индия арчасы
* ''Juniperus jaliscana'' Martinez
* ''Juniperus komarovii'' Florin — Комаров арчасы
* ''Juniperus macrocarpa'' Sm. — Чоң жемиштүү арча
* ''Juniperus maritima'' R.P.Adams — Примор арчасы
* ''Juniperus martinezii'' Perez de la Rosa — Мартинеса арчасы
* ''Juniperus monosperma'' (Engelm.) Sarg. — Бир уруктуу арча
* ''Juniperus monticola'' Martinez — Нагор арчасы
* ''Juniperus morrisonicola'' Hayata
* ''Juniperus mucronata'' R.P.Adams
* ''Juniperus navicularis'' Gand.
* ''Juniperus occidentalis'' Hook. — Батыш арчасы
* ''Juniperus osteosperma'' (Torr.) Little — Катуу жемиштүү арча
* ''Juniperus oxycedrus'' L. * — Саюучу арча же кызыл арча
* ''Juniperus phoenicea'' L. — Кызыл дандуу арча
* ''Juniperus pinchotii'' Sudw. — Пинчот арчасы
* ''Juniperus pingii'' W.C.Cheng
* ''Juniperus poblana'' (Martinez) R.P.Adams
* ''Juniperus polycarpos'' K.Koch * — Көп жемиштүү арча
* ''Juniperus procera'' Hochst. ex Endl. — Түндүк-африка арчасы
* ''Juniperus procumbens'' — Жатып өсүүчү арча
* ''Juniperus przewalskii'' Kom. — Пржевальский арчасы
* ''Juniperus pseudosabina'' Fisch. & C.A.Mey. * — Казацкий сымал арча
* ''Juniperus recurva'' Buch.-Ham. ex D.Don — Ийилген арча
* ''Juniperus rigida'' Siebold & Zucc. * — Катуу арча
* ''Juniperus sabina'' L. * — Казацкий арчасы
* ''Juniperus saltillensis'' M.T.Hall — Салтилло арчасы
* ''Juniperus saltuaria'' Rehder & E.H.Wilson
* ''Juniperus saxicola'' Britton & P.Wilson
* ''Juniperus scopulorum'' Sarg. — зоо арчасы
* ''Juniperus semiglobosa'' Regel * — Жарымшар арчасы
* ''Juniperus sheppardii'' (hort. Veitch) Melle — Шеппард арчасы
* ''Juniperus squamata'' Buch.-Ham. ex D.Don — Кабырчыктуу арча
* ''Juniperus standleyi'' Steyerm. — Стенли арчасы
* ''Juniperus taxifolia'' Hook. & Arn. — Тисс сымал арча
* ''Juniperus thurifera'' L. — Ладан арчасы
* ''Juniperus tibetica'' Kom. — Тибет арчасы
* ''Juniperus virginiana'' L. * — Виргин арчасы
* ''Juniperus wallichiana'' Hook.f. & Thomson ex Brandis — Валлиха арчасы
 
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—19967-14-046-1
 
[[Категория:Өсүмдүктөр]]
25 685

түзөтүү