Коло доору: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
wikidata + links + Gefuding Gui.jpg
1-сап:
[[Файл:Gefuding Gui.jpg|thumb|Коло доору ([[Кытай|Кытайда]]).]]
'''Коло доору''' — болжол менен биздин заманга чейинки 4-миң жылдыктан 1-миң жылдыктын башына чейинки тарыхый маданий мезгил. Бул учурда маданий борборлордо колодон, эмгек шаймандарын жана согуш куралдарын жасоо өнүккөн. Түштүк [[Иран]], [[Түркия]] жана Месопотамиядан биздин заманга чейинки 4-миң жылдыкка таандык эң байыркы коло куралдар табылган. Кийинчерээк коло куралдары Египетте (биздин заманга чейинки 4-миң жылдыктын аягынан), [[Индия|Индияда]] (биздин заманга чейинки 3-миң жылдыктын аягынан), [[Кытай|Кытайда]] (биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын ортосунан) жана [[Европа|Европада]] (биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктан) пайда болгон. Америкадагы Коло доорунун өзүнчө тарыхы бар. Перу жана Боливиянын аймактары кийинки тиуанаку маданияты деп аталган (биздин замандын 6-10-к.) металлургиянын борбору болгон. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдык ченде Африкада да коло иштетүү болгондугу шексиз. Коло доорунун калдыктары КМШнын бардык аймагында кездешет. Бул жерлерди мекендеген уруулар Батыш Европадагыдай эле алгачкы коомдук түзүлүштө жашаган. Орто Азиянын түштүк-батышында отурукташып, дыйканчылык менен кесип кылган уруулар коло иштетүү жагынан жогорку деңгээлге жетишкен. Коло доору Казакстан, Сибирь, Орто Азиянын мал чарбачылык жана дыйканчылык менен кесип кылган урууларында биздин заманга чейинки 17-14-кылымда тараган. Чүй өрөөнүнүн Сокулук, Садовый кышаарынан, Кочкордун Шамшы коктусунан табылган коло куралдар жана «кенч» буюмдар Кыргызстандын аймагында биздин заманга чейинки 12-8- кылымда Коло доорунун өзгөчө күчтүү өнүккөндүгүн айгинелейт.
[[Категория:Тарых]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
 
[[Категория:Тарых]]
[[Категория:Археология‎]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Коло_доору" булагынан алынды