Инди океаны: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
м + link
1-сап:
[[Файл:Océan Indien.png|thumb]]
'''Ынды океаны''' — Жер шарындагы океандардын ичинен чоңдугу боюнча Тынч, Атлантика океандарынан кийинки 3-орунда. Аянты (деңиздери менен) 76,17 млн км<sup>2</sup>. Басымдуу бөлүгү Түштүк жарым шарда жайгашкан; түндүгүнөн Азия, батышынан Африка, чыгышынан Австралия, түштүгүнөн Антарктида менен чектешет. Түштүк-батышынан Атлантика, чыгышынан жана түштүк-чыгышынан Тынч океандары менен туташат. орточо тереңдиги 3711 м, суусунун орточо көлөмү 282,7 млн км<sup>3</sup>. Түндүк жана түндүк-чыгыш жактарында гана Инди океанынын деңиздери (Кызыл, Андаман, Арап, Тимор, Арафура) жана ири булуңдары (Аден, Оман, Парс, Бенгал); түштүк бөлүгүндө [[Карпентария]], Чоң Австралия, Спенсер, Сент-Винсент жана башкалар булуңдар, эң түштүгүндө антарктикалык деңиздер (Рпсер-Ларсен, Космонавттар, Ынтымак, Дейвпс, Моусон, Дюрвиль) жайгашкан. Материктен бөлүнүп калган эң ири аралдары (Мадагаскар, Шри-Ланка, Сокотра) жээкке жакын орун алган. Океандын ачык бөлүгүндө жанартоо аралдары – Маскарен, Комор, Андаман, Никобар, Сейшель жана башкалар орун алган. Тропиктик кеңдиктердеги жанартоо конустарында шуру аралдары Мальдив, Лаккадив, Чагос, Кокостуу жана башкалар көтөрүлүп жатат.
 
==Таманынын рельефи==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Инди_океаны" булагынан алынды