Обь: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
map + image + links
2-сап:
|Аталышы = Обь
|Расмий аталышы =
|Сүрөт = Novosibirsk Ob.jpg
|Сүрөттүн аталышы = [[Новосибирск]]
|Узундугу =
|Бассейндин аянты =
24-сап:
|Түрмөктөр Уикиказынада =
}}
[[Файл:Ob watershed.png|thumb|Обь.]]
'''Обь''' – Батыш Сибирдеги дарыя. Дүйнөдөгү ири дарыялардын бири; суусунун молдуулугу боюнча Түндүк Азиядагы Енисей, Ленадан кийинки 3-дарыя. Алтайдагы Бий жана [[Катын]] дарыясынын кошулушунан түзүлүп, Батыш Сибирь түздүгү аркылуу жайык өрөөн менен көп салааларга бөлүнүп агат. [[Карск деңизи|Кара (Карск) деңизинин]] Обь колтугуна куярда аянты 4 миң км2 келген дельтаны пайда кылат. Узундугу 3650 км (Иртыштын башталышынан 5410 км), алабынын аянты 2990 миң км2. Негизги куймалары: Томь, Чулым, Кеть, Тым, Вах ж. б. (оң); Васюган, Чоң Юган, Иртыш, Түндүк Сосьва ж. б. (сол). Орточо чыгымы Барнаул шаары тушта 1420 м3м<sup>3</sup>/секдан, Салехард шаары тушта 12 300 м3м<sup>3</sup>/сек, эң көбү 42 800 м3м<sup>3</sup>/сек. Негизинен кар суусунан куралат. Суусу жогорку агымында апрелден июлга, төмөнкү агымында сентябрга чейин ташкындайт. Жылына 16 млн т шиленди агызып келет. Жогорку агымы ноябрда тоңуп, апрелде, төмөнкү агымы июндун башында ачылат. Кеме жүрөт. Обь дарыясында Новосибирск ГЭСи жана суу сактагычы курулган. Алабынан Барнаул, Камень-на-Оби, [[Новосибирск]], Колпашёво, Стрёжевой, Нижневартовск, Мегион, Сургут, Нефтеюганск, Лабытнанги шаары орун алган.
[[Категория:РФ дарыялары]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
 
[[Категория:РФ дарыялары]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Обь" булагынан алынды