Кес-Сеңир: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
+ links
 
1-сап:
'''Кес-Сеңир''' – [[Күнгөй Ала-Тоо|Күнгөй Ала-Тоонун]] түштүк этегинде [[Ысык-Көл|Ысык-Көлгө]] эңкейиш кыр, көлгө кирип турган тумшук. Ысык-Көлдүн түндүк жээгинин дал ортосунда, Чоң Сөгөттү жана Кичи Сөгөттү сууларынын аралыгында жайгашкан. Узундугу 4 км, эң жазы жери 2,5 км, деңиз деңгээлинен 2000–1600 м бийикте. Жеринин бети аска-таштуу, капталдары көбүнчө тик. Тикендүү майда бадалдар, чогойно, шыраалжын ж. б. өсүмдүктөр өсөт. Негизи силур, девондун граниттеринен, эки жагы олигоцен, миоцендин конгломерат, алевролит ж. б. тоо тектеринен турат. Көл жээгиндеги жолду тороп, жүргүнчүлөргө тоскоол болгондуктан, сеңирдин жапыз жерин оюп, кесип жол салынган. Бул кыр илгери эле Кес-Сеңир, ал эми жолдун өткөн жери Кескен-Бел аталган делет.

Номендин экөө тең 19-кылымдын 1-жарымында эле болгон; 1856–60-жылдары тартылган карталарда топоним Кессеңгир, Кесексеңгир, Кисенгыр, Ч. Валихановдун эмгектеринде (1856–61) Керсенгир, Кисенгыр түрүндө кезигет Кес-Сеңир «Пришиб» деп да жазылып жүрөт. Почта тартуу, жол катнашы үчүн 1870–71-жылдары Кес-Сеңирдин тумшугун жарып жол салынган.
 
[[Категория:Кыргызстан]]
[[Категория:География]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
* Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2
 
[[Категория:Кыргызстандын географиясы‎]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Кес-Сеңир" булагынан алынды