Күлтегин: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м {{merge|2017|Күлтегин|"Күл-Тегин", эстелик}}
No edit summary
1-сап:
{{merge|2017|Күлтегинmergeto|"Күл-Тегин", эстелик}}
[[Файл:Kul Tigin.jpg|thumbnail|Күлтегин]]
'''Күлтегин''' – 8-кылымга таандык орхон түрктөрүнүн [[руна]] сымал жазма эстелиги. Эстелик 1888-жылы [[Н.Я.Ядринцев]] тарабынан Орхон суусунун жээгиндеги ([[Улан-Батордон]] 60 км түндүгүрөөктө) Кошо-Цайдам деген жерден табылган. 1891-жылы В. В.Радлов тарабынан эстеликтин окулушу такталган. Күмбөздүн негизги бөлүгү төрт бурч, көлөмү 10,25х10,25 м. Күмбөздү айланта казылган 80х40 м чыгыштан батышты карай узунунан кеткен терең аң бар. Күлтегиндин сөөгү өрттөлүп, табытка күлү гана коюлган. Күмбөздүн кире беришиндеги эшиктин эки жагында мрамордон жасалып, бет маңдай орнотулган эки кочкордун статуясы бар. Таш төшөлгөн жол күмбөздүн ичине алып келет, жаандын суусу керамикадан жасалган атайын түтүкчө менен сыртка агып турат. Күмбөздүн ичинде мрамордон чегилген чоң таш баканын (таш бака – узак жана түбөлүк жашоонун символу) статуясы бар. Эзэлки убакта Күлтегин менен анын аялынын да айкели болгон, учурда Күлтегиндин мрамордон чегилген айкелинин башы гана сакталып калган.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Күлтегин" булагынан алынды