Театр: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
links + Ana Maria Ventura como Altisidora en "La enamorada del rey" (1988).jpg
испраление
4-сап:
Музыкалык театрда ([[опера]], [[балет]], [[оперетта]], [[мюзикл]]) кыймыл-аракет музыкалык драматургиянын каражаттары менен толукталып, ар бир түрүнүн көркөм образды туюндургуч (операда – ыр, балетте – бий ж. б.) өзгөчөлүгүнө багындырылат. Тeaтp өнөрүнүн башаты байыртан, элдик үрп-адат, салтанаттардан башталат. Алгачкы трагедиялык, комедиялык салт оюндарында (мистерия ж. б.) драманын элементтери, ыр, бий, маска, хор аралаш колдонулган. Акырындап ырымжырым, салттан бөлүнүп, өзүнчө оюн катары уюшулган. Актёр менен көрөрман болуп бөлүнүшү Тeaтpдын коомдук милдетин аныктаган. Бул процесс айрыкча Байыркы Грекияда даана байкалат. Анда б. з. ч. 5-кылымда эле Тeaтp элдик жыйындын очогуна айланган. Тeaтp өнөрүнүн адепки формаларында адамдын жеке өзгөчөлүгү эмес, типтүү мүнөздөрү сакталган. Андай өзгөчөлүк Батыш европалык кыдырма актёрлорго (гистрион, жон- глёр, орус скоморохтору ж. б.) мүнөздүү болгон. 14–16-кылымдарда бир катар өлкөдө (Италия, Франция, Германия ж. б.) Тeaтpдын аянтта ойнолчу формасы фарс өнүгүп, ал Кайра жаралуу доорунда туңгуч профессионал Тeaтpдын (16–17-кылымдарда Италияда Комедия дель арте) пайда болушуна алып келген. Чыгармачылык милдеттин кеңиши, тереңдеши Тeaтp өнөрүнүн жиктелишин шарттаган (16–17-кылымдарда – опера, 18-кылымдын ортосунда – балет, 19-кылымдын ортосунда – оперетта ж. б.).
 
Кайра жаралуу доорунда гумандуу маданият антикалык Тeaтpдын салтын уласа (У. ШекепирШекспир, М. Сервантес ж. б.), классицизмдин таралышы менен ички жана тышкы карама-каршылыкты, кыйынчылыкты жеңе билген каармандардын образдары жаралган. Россияда реализмдин өнүгүшүнө актёрлор – М. Щепкин, А. Ленский; драматургдар – Н. Гоголь, А. Островский; сынчылар – В. Белинский, Н. Добролюбов кыйла салым кошушкан. Реализм үлгүсүн өздөштүргөн Москва академиялык көркөм театры, анын режиссёрлору – К. Станиславский, В. Немирович-Данченко оюн коюунун жаңы көркөм каражаттары менен Тeaтp искусствосун байытты. Октябрь революциясы Тeaтpдын өнүгүшүнө кенири жол ачты. Тeaтpдын классикалык салты социалисттик революциянын идеялык, агартуучулук милдети үчүн кызмат өтөөгө багындырылды. Улуттук Тeaтp искусствосунда социалисттик реализми өрүш алды.
 
Тeaтp имараты адегенде Байыркы Грекияда (б. з. ч. 6-кылым) пайда болгон. Алар ачык курулуп, үч бөлүктөн турган. Б. з. ч. 4-кылымга чейин жыгачтан, кийин таштан курулган (Римдеги Помпей Театры, б. з. ч. 55–52-жылдары). Туңгуч жабык Театр Римде (б. з. ч. 3–1-к.) тургузулган. Опера өрүш алган кезде (17-кылымдын 1-жарымы) Тeaтpга көрүүчүлөр залы кошулган (мисалы, Венециядагы «Сан-Кассино», 1630). Италиядагы Тeaтp имаратынын мыкты үлгүсү «Ла Скала» (1778). 18–19-кылымдарда Россияда Тeaтp имаратынын италиялык тиби [Чоң театр (Москва), Александр театры (Санкт-Петербург)] тараган, орус, италян архитектурасынын үлгүсүндө А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театры да салынган.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Театр" булагынан алынды