'''Ашхабад''' (арапча ашк {{lang- ашык, иранча абад шаарtk|Aşgabat}}) - [[Түркмөнстан|Түркмөн Республикасынын]] борбор шаары. Орто Азиядагы эң кооз шаардан бири. Калкы 797,9 миң (2005). Копетдаг тоосунун этегиндеги түздүктө, Ахальск оазисинде, деңиз деңгээлинен 214-240 м бийиктикте жайгашкан. Шаардын түндүгүнөн Каракум каналы өтөт. Машина куруу, металл иштетүү, электртехника, айнек, жеңил (трикотаж, кебез-кездеме, жибек жиби, килем), тамак-аш өнөр жайы, курулуш материалдар өндүрүшү бар. Темир жол бекети. Эл аралык аэропорту бар.